Чаткалдагы мектептин шыбы «Эти Бакыр Терексайдын» жардыруу иштеринен улам кулаганбы?

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы №18 Амирабек Чымканаев мектебинин шыбы 17-майда урап түшкөн эле. Окуя болгон маалда окуучулар менен мугалим сыртта болушкан, бирок кырсыкка күбө болгондуктан «шок» абалда ооруканага жеткирилишкен.

18-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев мектептин шыбы ураган күнү «Эти Бакыр Терексай» компаниясы айылдын үстүндө жардыруу уюштурганын айтып, анын ишин текшерүүнү талап кылды.

Жанар Акаев.

«Алтын кен казган компания 17-майда айылдын үстүнө жардырууларды уюштуруп, натыйжада мектептин шыбы урап туштү. Окуучулар жана мугалим ооруканага чейин барышты. Ошону Өзгөчө кырдаалдар министрлиги караган эмес белеңер? Мектеп авариялык абалда экен. Буга чейин элдер компаниянын үстүнөн көп жолу арызданышыптыр. Эмне үчүн “Эти Бакыр Терексай” компаниясынын үстүнөн текшерүү болгон эмес?» — деп Акаев суроо салды.

Ал эми өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов компания аталган күнү жардыруу иштерин жүргүзгөнү боюнча маалыматы жоктугун айтты. Ал эми жардыруу иштерининин мыйзамдуулугун Мамлекеттик геология агенттиги көзөмөлдөйт деди.

«Мектеп боюнча айтсам, биз 2021-жылы текшергенбиз. Мектеп эч кандай авариялык абалда болгон эмес. Жардыруу боюнча биз жаңы эле уктук. Бүрсүгүнү жерине барып, таанышкандан кийин толук маалымат беребиз», — деп жооп берди Шамырканов.

Ал эми алтын кенин иштеткен «Эти Бакыр Терексай» ЖЧСынын маалымат кызматы мектептин шыбыгын урап түшүшүнө алардын тиешеси жоктугун билдиришти. Компаниянын пресс-релизине ылайык, жардыруу иштери мектептин шыбы урап түшкөндөн кийин саат 12:50дө жүргүзүлгөн.

«Бардык өндүрүштүк иштер Терек-Сай айылындагы мектептен жана башка инфраструктуралык объектилерден жетиштүү алыс аралыкта коопсуздук нормаларын сактоо менен жүргүзүлүп жатат. Кендерди бургулоо жана жардыруу иштери Кыргызстандын колдонуудагы коопсуздук стандарттарында каралган техникалык нормаларды жана эрежелерди сактоо менен гана жүргүзүлөт», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда «Эти Бакыр Терексайдан» мектептеги окуя тууралуу кабардар болушканын жана аталган күнү ишкананын дарыгерлерин жиберип, балдарга медициналык жардам көрсөтүшкөнүн белгилешти. Андан сырткары, жабырлануучуларды компаниянын амбулатордук унаасы менен ооруканага жеткиришкенин да кошумчалашкан.

Шыбы урап түшкөн Чаткалдагы мектеп

ӨКМдин маалыматы боюнча, 17-майда саат 12:30 чамасында Терек-Сай айыл аймагынын №18 Амирабек Чымканаев мектебинде класстардын биринин шыбы урап түшкөн. Ал эми мугалим окуучуларды класстан алып чыгууга жетишкендиктен, бирок балдар катуу коруп калганы айтылган.

Мындан улам 16 окуучу жана мугалим «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын унаасы менен Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилген. Ошол күнү үч окуучу дарыгерлердин көзөмөлүнө, ал эми мугалим дарыланууга жаткырылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Замира Орунбаеванын айтымында, жаткырылган үч окуучунун ата-энеси балдарын Терек-Сайдагы ооруканага көрсөтөбүз деп ооруканадан алып кеткен.

Орунбаева учурда райондук ооруканада кан басымы көтөрүлүп жаткырылган мугалим дарыланып жатканын белгиледи.

«Кече Ала-Бука райондук ооруканага 16 окуучу жана бир мугалим саат 15:30 чамасында алынып келген. Алардын баары тең текшерүүдөн өткөн. Окуучулардын баарынын акыбалы жакшы. Ал эми мугалимдин кан басымы түшпөй, ооруканада калтырылган. Учурда абалы турукташып калды», — деди ал.

Ал эми Чаткал районунун акими Алтынбек Санирбаев «Клоопко» мектептин шыбы эмне себептен урап кеткени тууралуу маалыматы жоктугун айткан. Бирок билим берүү мекемесинде жети жылдан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эместигин билдирген.

«1-корпусу 1958-жыл курулган. Ал эми, 2-корпусу 1968-жылы курулган. Имарат алгач мектеп үчүн эмес, кен иштеткен жумушчуларга жатакана катары курулуп, кийин мектепке берилген. Имараттын дубалдары саман ылай менен сокмо ыкмада курулган», — деген ал.