Иллюстрация: Вера Андрианова «Клооп» үчүн

Март айындагы эмгек мигранттарын тынчсызданткан рублга карата сом, теңге, сум жана сомонинин курсунун бекемделиши убактылуу болуп чыкты. «Атайын операциянын» биринчи күнүнөн тартып бул валюталар рублга удаалаш арзандап, доллар болсо өсүп кетти — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга дагы санкция киргендей болду.

Бул өтө таң калычтуу көрүнүш: мындай көз карандылыкты улуттук банктардын саясаты да, ЕАЭБге мүчөлүк да, Орусиядан которулган акчалардын көлөмү да түшүндүрө албайт. Себеби эмнеде? Себеби өлкөлөр арасында чек аранын «жоктугу», Батыштын Орусиянын коңшуларына карата айтылбаган чектөөлөрү жана дагы бир күлкүлүү жагдай — акыркы жылдары Кыргызстандын банктарына доллар Москвадан ташылып турган.

10-мартка чейинки аралыкта төрт мамлекеттин валюталарынын рублга карата курсу биринин артынан бири арзандады. Рубль сыяктуу кескин болбосо да, түшө берди. Ошентип Орусиядагы мигранттардын которгон акчалары мекенинде сатып алуучулук жөндөмүнүн үчтөн бирин жоготуп жатты.

11-мартта, Орусия Банкы юридикалык жактарга өлкөдөн 5 миң доллардан ашык каражатты чыгарууга тыюу салгандан кийин, борбор азия валюталарынын долларга карата курсу көтөрүлө баштады — бул жолу да рубль курсунун тагдырын кайталады. Бирок, аз-маз артта калып жатты. Ошентип, апрелдин ортосунда аталган валюталардын доллар менен рублга кара курсу согушка чейинки деңгээлге кайтып келди, ал эми майда рубль андан да жогорулады.

11-мартта рублге карата кыргыз сомунун куну 36,6%га өскөн, ал эми апрелден тартып «согушка чейинки ченемге» кайтып, атүгүл рублге карата наркы 8,8%га түшүп кеткен. Бул жерде жана төмөндө Орусия Федерациясынын Борбордук банкынын маалыматтары келтирилди.

Ошол кезде, 11-мартта, тенге дагы рублге карата 35%га өскөн, ал эми майда рублга караганда 7,3%г арзан болуп калган. Бул да таңгалыштуу, себеби кыргыз сомуна салыштырмалуу Казакстандын валютасы мунайга байланган.

Ошол кездеги рублдин долларга карата солгундашы. 11-мартта орус валютасынын долларга карата куну 60,5%га түшүп кеткен, бирок апрелден тарта өсүп, майга барып 10,2%га бекемдеген. Көрүп турганыбыздай, борбор азиялык валюталардын рублга карата бекемдеши ушул графикти дээрлик толугу менен кайталаган.

А бул — теңгенин долларга карата наркы: дээрлик жогорудагыдай эле график. Март айынын ортосунда Казакстандын валютасы долларга карата 19,5%га арзандап, ал эми май айында, согушка чейинки мезгилге караганда 1,65%га кымбаттаган.

Сом боюнча деле көрүнүш бирдей. Марттын ортосунда долларга карата төмөндөө 23,1% түзсө, апрелден тартып 3-4%га өскөн.

Рублдин долларга карата куну калыпка түшүүсү 11-мартка туш келгени бештен белгилүү: күн мурун, 10-мартта, Орусия Банкы юридикалык жактарга өлкөдөн 5 миң доллардан ашык акча чыгарууга тыюу салды, эртеси күнү тоорукта долларга карата рублдин курсу бекемделе баштады. Бирок, ошол эле күнү теңге менен сом дагы бекемделе баштады. Ушундай эле көрүнүш өзбек суму менен тажик сомонисинде дагы байкалды.

Балким, Борбор Азия өлкөлөрү дагы валюта чыгарууга чектөө койгондур? Ооба, бирок башка күнү. Өзбекстан менен Тажикстан 2022-жылы эч кандай валюталык чектөө киргизишкен эмес — зарылдыгы да жок, ал жакта көзөмөл ансыз да күчтүү. Казакстан болсо 14-мартта 10 миң доллардан ашык чыгарууга тыюу салды. Ал эми Кыргызстан 12-мартта банктарга, 20-апрелден кийин жарандарга валюта чыгарууга чектөө киргизди. Демек, долларды чыгарууга салынган улуттук тыюулардын аталган өлкөлөрдө валюталар максималдуу бекемделген күндөр менен байланышы жок.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн валюталары рублдин артынан «кың» дебей ээрчип жүргөнүнө Кыргызстан менен Казакстандын ЕАЭБге мүчөлүгү дагы негиз боло албайт — себеби Өзбекстан менен Тажикстан ал уюмга мүчө эмес. Тигил же бул өлкөгө Орусияда иштеген мигранттардын акча которууларынын пайыздык үлүшү жогору болгону менен да түшүндүрүүгө болбойт: анткени, Дүйнөлүк Банктын эсептөөсү боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ИДПнын 25%дан ашыгын мигранттардын акча которуулары түзсө, Өзбекстанда — 11,6%, ал эми Казакстанда — болгону 0,2%ын түзөт.

Анда рубль менен мынчалык тыгыз корреляциянын себеби эмнеде? Себептери көп. Анын бири Кыргызстандын банктарына доллар жана евро Орусиянын банктарынан ташылып келип турган.

«Москва долларынын» сыры

11-мартта — дал ошол каргашалуу күнү — Казакстандын банк чөйрөсүндөгү анонимдүү булак «Интерфакска» накталай доллардын тартыштыгы валютаны башка өлкөлөрдөн алып келүү убагы кечеңдегени менен байланыштуу экенин айткан. «Каттамдагы учактар дагы Украина менен Орусияны айланып учуп калгандыктан кеч келе баштаган», — деп түшүндүргөн ал логистиканы кайра түзүүнү убадалап. Булак доллар кайсыл өлкөлөрдөн ташылып жатканын ачык айткан эмес.

Марттын башында, Кыргызстанда накталай доллар таңкыс экени айтылганда, Улуттук банк мындайча соороткон: импорт үчүн төлөөгө резервде жарым жылга жете турган валюта бар. Андан кийин эле «Акчабар» финансылык порталынынын маектештери бир нече жыл мурда АКШ жана Европа биримдиги кыргыз банктарын өз банктарындагы корреспонденттик эсептеринен ажыратышкан ачык эле айтышты, ошондуктан өлкөгө накталай акча Орусия же Түркия аркылуу ташылып жаткан, бирок ал логистика дагы бузулган.

Ушул эле порталга 22-апрелде «Айыл Банк» мамлекеттик банкынын казына башчысы Улан Боромбаев дагы маалыматты бышыктаган. Анын айтымында, мурда кыргыз банктары накталай валюта дефицит болсо Орусиянын банктары аркылуу муктаждыкты жабышчу. Азыр болсо Орусиянын банктарына санкция киргизилип, система иштебей калды.

Мында дароо эки суроо жаралат. Биринчиси: эмне үчүн Кыргызстандын коммерциялык банктары евро менен долларды өздөрүнүн Улуттук банкынан же түз эле аталган валютаны басып чыгарган АКШнын Федералдык резерви менен ЕБдин Борбордук банкынан накталай ала албайт? Экинчиси: эмне үчүн Америка менен Европа кыргыз банктарын корреспонденттик эсептен ажыраткан?

Дагы бир кызыктуу жагдай: рублдун долларга карата бекемделишин (азыр доллар Москванын акча алмаштыруучу жайларында 78 рублдан сатылып жатат) өлкөдөн валюта чыгарууга тыюу салуу менен гана эмес импорттун кескин кыскарганы менен да байланыштырып жатышат. Орусиядагы экспортчуларга валюталык кирешенин 80 пайызын өлкө ичинде сатуу милдети жүктөлдү, бирок акчаны кайда сарптайсың? Ушул себептен дагы доллардын куну түшүп жатат. Бирок АКШ менен ЕБдин Орусияга экспортту чектөөсү эч ким тышкы дүйнөдөн ажыратпаган Борбор Азия рыногуна кандайча таасир берип жатат?

Антон Табах

«Эксперт РА» компаниясынын макроэкономикалык анализ жана божомолдоо башкармалыгынын директору:

Менимче, бул жерде эки фактор роль ойнойт. Биринчиси: АКШ менен Европа Орусия банктарына үчүнчү өлкөлөрдүн банктары аркылуу доллар менен еврону накталай жөнөтүүгө түз гана эмес, кыйыр түрдө тыюуу салышы мүмкүн. Ошондуктан Борбор Азияга купюра жеткирүүчүлөр этияттанып жатышы да мүмкүн. Экинчиси: жабык рынок шартында Бишкек транзакциялардын негизги очогоу болгон — демек, суроо талап өсүп, сунуштар болсо азайып кеткен. Накталай акчалардын агымы үчүн чек аралардын ачыктыгы да роль ойнойт — бир тарабынан Орусия менен Казакстандын ортосундагы, экинчи жагынан Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы.

Импорттун валюталар курсуна карата таасирине токтолсок. Орусия менен достук мамиледеги Кыргызстан жана Казакстан аркылуу эки тарапка тең түрдүү жашыруун операциялар жүрөт: Орусия Федерациясынан капитал алып чыгуу, инвестициялардын агымын буруу, туунду ишканаларды түзүү жана башкалар. Бул фактор Орусия менен Борбор Азиянын валюта рыногундагы «басымды теңдей» алат. Статистика болсо так биле алабыз.

Василий Солодков

Жогорку экономика мектебинин Банк институтунун директору, финансы аналитиги:

Кыргызстандын банктары долларды түз эле АКШдан ала алмак, бирок, [2014-жылы Манас аэропортундагы] АКШнын авиабазасын жабуу чечими үчүн Американын банктарындагы корреспонденттик эсептеринен кол жууп калышкан өндөнөт. Анткени мындан улам америкалыктардын логистикасы оорлошкон.

Сомдун наркынын рублдан көз карандылыгы биз сомдун рублга карата эсебин чыгарганда дайыма орток бааны алабыз, кыйыр түрдө, кросс-курс аркылуу доллар чыга келет, ошого да байланыштуу. Ошондуктан рублдин бекемделиши, доллар аркылуу автоматтык түрдө сомдун бекемделишине, ал эми рублдин алсырашы — сомдун да алсырашына алып барат.

Рубль-юань, рубль-рупий, рубль-сом сыяктуу түз эсеп-кысап, албетте, модага айланып жатат. Азыр силер рублди кросс-курс аркылуу алмаштырып алдыңар дейли, андан кийин аны эмне кыласыңар? [Орусияда] XX жана XXI кылымдарда канча ирет акча реформасы болгонун эстеп көргүлөчү: кандай гана жаңы рубль болбосун, реформага чейинкисин тааныбай, алмаштырууга болбой калчу. АКШда андай маселе жок — ал жакта XVIII кылымда чыгарылган доллар бүгүн деле жүгүртүлө бериши мүмкүн.

Негизи чакан өлкөлөр валютасын бекемдөө үчүн кайсы бир кезде Бельгия, Голландия жана Люксембург бириккендей валюталык союзга бириксе болот. Ар биринин акча бирдиги бар болгон, бирок алардын бири-бирине карата термелүүсү катуу көзөмөлдөнчү. Ал эми Люксембург жана Бельгиянын франктары таптакыр эле бирдей деңгээлде болгон, тышкы көрүнүшүндө гана айырма бар болчу. Евразия бирлигинин мүчөлөрүнүн ортосунда валюталык союз жок: Орусия бул боюнча 1993-жылдан бери Беларус менен сүйлөшүп келет. Бирок андан майнап чыкпасы түшүнүктүү эле.

Марат Мүсүралиев

Экономист, Smart Business Solutions Central Asia компаниясынын директорунун орун басары:

Азыр айрымдар Кыргызстан (Орусиянын Батыш менен жаңжалында) тигил же бул тарапка өтүшү керек дешүүдө. Бирок тобокелчилик дал ушул жерде турат. Биз азыр, Кудай колдоп, бейтараптыгыбыз менен аман калсак жакшы. Бизде бекемдик камы жок.

Мисалы, Орусия валютаны сыртка чыгарууга дароо чектөө сала койду. Ал тургай чектөөгө мигранттар да кабылды: мурда үйүңө акчаны доллар менен сала алган болсоң, азыр болсо рубль менен которо аласың. Мындан улам Кыргызстанда да, Орусиядагыдай эле валюталар курсунун көптүгү келип чыккан: накталай доллар кымбаттаган.

Мындан тышкары, Орусияга даректелген импорттун Борбор Азияга бурулуп кетиши дагы валютанын курсуна таасир эте алат. Жүздөгөн батыш компаниялары Орусиядан чыгып кеткенден кийин, ал жакка машиналар жана жабдуулар ташылбай калды, бирок тетиктер керек. Азыр алар КМШ, тагыраагы, ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу ташылып жатышы ыктымал, алардын ортосунда бажы тоскоолдугу жок. Ошондуктан Казакстан же бажы чек араларын киргизүү керек же болбосо биримдиктин ичинде бажы пошлиналарын бөлүштүрүүдөгү пайыздарды кайра карап чыгуу керек деп маселе коюуда.

АКШда жабылды делген корреспонденттик эсептер тууралуу — бул туура эмес маалымат. Корреспонденттик эсептер болгон дагы эмес, себеби өлкөнүн туруктуу кредиттик рейтинги жок. Аны бизде анда-мында гана алышат: бир жолу 2015-жылы, андан кийин 2020 же 2021-жылы алынган. Анда дагы «чоң үчтүккө» кирген (Standard & Poor's, Fitch менен Moody's) бир же эки агенттиктен алынган. Анан рейтинги жок өлкөнүн банкына корреспонденттик эсепти ким ачып бермек эле? Бул капка салынган мышыктай эле. Рейтинг Казакстандыкындай болуп, жылда, аталган үчтүктүн баары берип турушу керек. Бирок рейтингдин өзү — бул бери эле жагы, ал «таштанды» болбошу керек. Ал жок дегенде В же ВВ болушу керек.

Ошондуктан Кыргызстандын банктары, доллар жана евролук корреспонденттик эсептерди көбүнчө Орусиянын банктык эсептеринде кармап келишкен. Бирок Орусиянын дээрлик бардык банктары санкцияга кабылган: Сбер, ВТБ, Россельхозбанк, Альфа-Банк, эми болсо Транскапиталбанк. Ошондуктан бүгүн көпчүлүк кыргыз банктары корреспонденттик эсептерди Германия жана Түркияда ачып жатышат. Бирок бул оор, кайра эле кредиттик рейтингге такалабыз, себеби республиканын жылдык рейтинги жок.

Азыр айрымдар Кыргызстан (Орусиянын Батыш менен жаңжалында) тигил же бул тарапка өтүшү керек дешүүдө. Бирок тобокелчилик дал ушул жерде турат. Биз азыр, Кудай колдоп, бейтараптыгыбыз менен аман калсак жакшы. Бизде бекемдик камы жок.

                                                                                                         Виктор Мухин

                                            Материалды даярдоого Мундузбек Калыков көмөктөштү