Лицензиялык талапка жооп бербеген 111 жеке менчик клиника жабылат

Саламаттык сактоо министрлиги 370 клиникага жана жеке медициналык кабинетке лицензиялык талаптарга шайкештигин текшерди. Бул тууралуу 18-майда мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевтикалык кызматтар секторунун адиси Аман Осмоновдун айтымында, өлкөдөгү жеке менчик клиникалардын болжолдуу 20-30%ы текшерилген.

Натыйжада мекеме «лицензиянын жоктугу, лицензиясы жок кызмат көрсөтүү жана даректер лицензияда көрсөтүлгөндөй болбогону үчүн» 111 жеке клиникага жабуу актысын түзүп берди.

«Текшерүүнүн алкагында “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамды бузуу аныкталды. [...] Бардык материалдар укук коргоо жана сот органдарына өткөрүп берилди», — деп билдирди Осмонов «Клоопко».

Дагы 148 клиникага жана медициналык кабинетке инфекциялык көзөмөл стандарттарын сактабаганы үчүн айып пул салынат.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги уруксат берүүчү документтери жок иштеген 84 дарыкананы аныктаган. Мекемеден бул фактылар боюнча материалдарды чогулткан атайын комиссия аларды прокуратура органдарына өткөрүп берерин билдиришти.