Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси үй камагына чыкты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Клоопко» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекемеден чечимди 19-майда Каракол шаардык соту чыгарганын белгилешти. Аны менен катар, облустук прокуратура соттун чечимин дароо даттанганын кошумчалашты.

Буга чейин УКМК Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоонун координатору жана Каракол шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору кармалганын маалымдаган. Ал 100 500 сом пара алып жатканда кармалды деп билдиришкен.

Кийинчерээк «Клооптун» укук коргоо органдарындагы өздүк булагы саламаттык сактоонун Ысык-Көл облустук координатору акча алып жатканда, жанында министрдин кеңешчиси да болгонун айткан. Ал суракка алынып, кайра коё берилген.

Бирок 17-майда УКМК Бейшеналиевдин кеңешчиси кармалганын расмий билдирген. Комитеттен саламаттык сактоо министринин 29 жаштагы кеңешчиси Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара алуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилгенин билдиришкен.

Бейшеналиев өзү эч кандай пара тууралуу сөз болбогонун, медайымдардын күнү белгилөөгө үчүн акча чогултулганын билдирген. Ошондой эле алгач аты аталган кыз анын кеңешчиси экенин четке каккан.

Министр мындай жол менен ага жалган жалаа жабууну каалап жатышканын, бирок мындай аракеттен «күнөөсүз кыз жабыркаганын» кошумчалаган.

«Баары менин кеңешчим деп жазып жатышат. Ал мурун министрдин орун басарынын катчысы болуп иштечү. Анан алган акчасы майрамга карата болчу. Маалым болгондой, жакында эле медайымдардын күнү белгиленген. Анын туугандары кафенин ээлери болгону үчүн ал бизге уюштуруу иштерине жардам берди. Ошого төлөсүн деп акча берилген. Ошол маалда ал кармалды», — деген министр.

Бирок Бейшеналиев кийинчерээк интервью берип жатып аны кеңешчим деп атаган.

Анын айтымында, 11-майда иш чара тууралуу билген УКМКнын Жети-Өгүз райондук башкармалыгынын кызматкерлери саламаттык сактоонун Ысык-Көл облустук координаторуна келишкен. Министр атайын кызматтын кызматкерлерин корпоративге акча чогултуу маселеси кызыктырганын белгилейт.

«Атайын кызматтын өкүлдөрү чогулган акчаны мен алып, баарын төлөшүм керек экенин билишкен. Чекисттер акчаны ортодон алып, белги коюп койгон, кийин медайымдардын бири биздин кызматкерге өткөрүп берген. Кийин аны кармап кетишти», — деген Бейшеналиев Kaktus.media басылмасына берген интервьюсунда.

Министрдин айтымында, кеңешчиси кармалганда өзү да иш-чарада катышып жүргөн, кызматкерлери менен сүйлөшүүгө аракет кылган, бирок аны жолотпой коюшкан. Качан жолукканда УКМКнын кызматкерлери аялдарды зордук көрсөтөбүз деп коркутканын билген.

Бейшеналиевдин айтымында, андан кийин министр УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысына чалып, «аялдарды медкызматкерлерди коркуткан кызматкер жумуштан четтетилгенде» гана алып келерин айткан.

«Акыры Мээрим бошотулду, мен аны үйүнө алып барып, ата-энесин болгон окуяны айтып бердим. Эртең чогу барсаңар болот деп айттым, анткени мен кала алабй болчумун. Мындай коркутуудан кийин ал кыз эч жакка барган эмес», — деп айтып берген Бейшеналиев

Министр УКМК анын аракеттерин кеңешчисин жашырып жатат деп баалап, «артынан аңдый» баштаган деп эсептейт. Ушул окуядан кийин УКМКнын кызматкерлери аны суракка алышкан.

Анын пикиринде, болгон окуяга клиникалар менен университеттердин жабылганына нааразы болгон адамдардын тиешеси болушу мүмкүн.

«Дал ушул адамдар буйрутма берип жатышат деп ойлойм. Алар киши өлтүргүч жалдап, акча жасап алса деле болмок. Буга Ташиевдин да, Жапаровдун да тиешеси жок, нааразы болгондор көп, алардын арасында генералдар да бар», — деп эсептейт министр.

Бейшеналиев буга чейин да саламаттык сактоо тармагында жүргүзүп жаткан реформасы үчүн ага «жалаа жабуу» аракеттери болуп жатканын билдирген болчу.