«Антитеррордук операция» жана ондогон өлүм. Тоолуу Бадахшан аймагында эмне болуп жатат?

Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы нааразычылыктар. Коллаж: RFE/Rl.

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда (ТБАО) «терроризмге каршы операция» жүрүүдө. 18-майда облуста массалык нааразычылыктар башталгандан кийин өлкө бийлиги атайын операция башталганын жарыялаган.

Тажикстандын ИИМи Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы нааразылыкка чыккандар — эл аралык террордук топтордон курал-жарак жана ок дары алган Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деп билдирди. Бирок жергиликтүү тургундар нааразычылык акциясына чыккандарда курал-жарак жок экенин, ал эми «антитеррордук операциянын» курмандыктары жай тургундар болуп жатканын айтышты.

«Клооп» Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы окуялардын урунттуу учурларын чогултуп, аймактагы нааразычылыктар эмнеден улам башталганын айтып берет.

Тоолуу Бадахшандагы нааразылыктар

2022-жылдын 14-майында Хорогдун (аймактын административдик борбору) жүздөгөн жашоочусу жана жакынкы райондордун тургундары Бархорог кичи районунда (Жогорку Хорогго) митингге чыгышкан. «Озоди Радиосу» алар ТБАОнун башчысы Алишер Мирзонабот менен шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкасын, облустун борборундагы блокпостторду алууну, ошондой эле Бадахшандын жашоочуларын куугунтуктоону токтотууну талап кылышканын жазды. Ошондой эле, алар 2021-жылдын ноябрында нааразычылык акциясына катышканы үчүн кармалган активисттерди бошотууну жана ноябрь окуяларын адилет иликтөөнү талап кылышууда.

«2021-жылдын ноярынан тартып облуста абал начарлап кетти. Дээрлик күн сайын бирөөнү кармап кетип “Бадахшан” телеканалы аркылуу көрсөтүшөт. Жергиликтүү соттор, адатта, кармалгандардын күнөөсүн далилдей алышпайт. Азыр бийлик жадагалса административдик мыйзам бузууларды да оор кылмыш катары баалайт», — деп айтып берди «Озоди радиосуна» акциянын катышуучуларынын бири.

2021-жылдын ноябрында акциянын катышуучуларын кармоо учурунда 29 жаштагы Гулбиддин Зиебеков киши колдуу болгондон кийин ТБАОнун тургундары нааразычылык акциясына чыгышкан. Митингдер укук коргоо органдары менен кагылышка айланып кеткен. Баш аламандыктарда бери дегенде 3 жай тургун каза таап, ондогон киши жаракат алган.

Эл аралык мамилелер магистри Субхия Мастоншоева cabar.asia аналитикалык порталы үчүн даярдаган макаласында бул нааразычылыктар катышуучулардын саны, курамы жана узакка созулганы менен эң масштабдуу нааразычылык акциясы болгонун жазган. Автор ТБАО маал-маалы менен тургундардын нааразычылык акциялары өтүп турган Тажикстандагы жападан жалгыз аймак экенин белгилейт. Бул аймактагы нааразычылыктардын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарынын өзбилемдигине каршы өтөт.

Хорог. 2021-жылдын 27-ноябрынын таңы. Сүрөт: RFE/RFL.

2021-жылы нааразычылык акциялардын жыйынтыгында жергиликтүү бийлик митингге чыккандардын талаптарын аткарууга макул болугон. Алар акциянын катышуучуларын куугунтукка албайбыз жана Зиебековдун өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланат деп убадалаган. Бирок «Медиазона» белгилегендей, 29-жаштагы тажикстандыктын өлүмү боюнча тергөө азыркыга чейин олуттуу жыйынтык бере элек, ал эми ноябрдагы митингдердин катышуучулурына жана аларды колдогондорго убадаланган «кол тийбестик» тез эле унутулган.

«Милиция жана атайын кызмат нааразычылыкка катышкандардын баарын, анын ичинде чет өлкөдө жүргөн Тоолу Бадахшандын атуулдарын да куугунтуктай баштаган», — деп жазат басылма.

Ошентип, ушул жылдын башында памирлик жаштардын формалдуу эмес лидери Амриддин Аловатшоевди Орусиядан уурдап кетишкен. Тажик соту аны барымтага алууга жана мыйзамсыз эркинен ажыратууга айыптап, 18 жыл колонияга кескен. Кийинчерээк ноябрдагы нааразычылыктарды колдоп видеокайрылуу жасаган ММА мушкери Чоршанбе Чоршанбиев Орусиянын аймагынан депортацияланган. 13-майда ал 8,5 жылга эркинен ажыратылган.

Бийликтин реакциясы жана кагылышуулар

2022-жылдын 16-майында Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бийлиги митингчилердин талабын мыйзамсыз деп атап, аймактын башчысын жана Хорогдун мэрин отставкага кетирүү маселесин кароодон баш тарткан. Алар «мыйзамсыз нааразычылык акциялары» терроризм катары каралат деп эскертишкен.

Күн мурун аймактын прокурору Парвиз Орифзода нааразычылык акциясынын уюштуруучусу катары облустун бейормал лидерлеринин бири Мамадбокир Мамадбокиров жана оппозициячылар Мухиддин Кабири менен Алим Шерзамоновдун атын атады. Анын айтымында дал ошолор элди башаламандыкка үндөп, «өлкөнүн коопсуздугуна» шек келтирип жатат. «Озоди родиосуна» курган маегинде Шерзамонов нааразы болгон жарандарды жазалоо үчүн аларды «нааразычылык акциянын уюштуруучулары» деп атаганын айтты.

Бирок бийликтин «эскертүүсүнө» карабай, 16-майда, күндүн экинчи жарымында митингчилер Хорогдун борборундагы облустук администрацияга бет алышкан. Алардын алдын укук коргоо органынын кызматкерлери тосуп, көздөн жаш агызуучу газ жана резина окторду колдонушкан. «Озоди Радиосу» өздүк булагына таянып, митингчилерди таркатууда кеминде бир киши каза болуп, үч киши жарадар болгонун билдирди.

Саат 20:00гө карата Хорог шаарында байланыш жана интернетке туташуу толугу менен үзүлгөн, ал эми аскерлер башкы аянтка кирүүчү жолдун бардык тарабынан жаап салышкан.

«17-май эртең менен Тоолу Бадахшандын административдик борбору толугу менен бөгөттөлгөн: аскерлер борбордук төрт айрылыш жолду, Гунт дарыясынын эки жээгин байланыштырган көпүрөөнү, шаар четиндеги кичи райондорго кетүүчү жолдорду тороп алган. Шаардагы жашоо толугу менен токтоп калган, мектептер жана мамлекеттик мекемелер жабылган. Ага карабастан, Pamir Daily News Телеграм каналы памирликтер өздөрүнүн кичи райондорунда чогулуп, бирок эч кандай активдүү аракеттерге барбаганын жазган», — деп жазды «Медиазона» басылмасы.

Ошондой эле 17-май күнү Тоолуу Бадахшан автоном облусунун покуратурасы журналист Улфатхоним Мамадшоеваны «мыйзамсыз акциянын» уюштуруучулары делген кишилердин катарына кошкон. Ал 18-май күнү кармалган, «Фергана» маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, азырынча ага эч кандай айып тагыла элек.

Прокуратуранын версиясы боюнча, Хорогдо 16-майда өткөн митинг Мамадшоева менен Шерзамоновдун тапшырмасы менен, «коомдук коопсуздукту бузуп, элди коркутуп-үркүтүп жана бийлик органдарынын чечим кабыл алуусуна таасир эткиси келген адамдардын кызыкчылыгы үчүн кылмыштуу аракеттерди жасап, мыйзамсыз уюштурулган».

Журналист өзү «Фергана» маалымат агенттигине курган мегинде, ага тагылып жаткан айыптарды «толук абсурд» деп эсептей турганын, бир аптадан ашык убакыттан бери Дүйшөмбү шаарынан чыкпаганын, Хорогдо нааразычылык акциясы пландалып жатканы тууралуу билбегенин айтып берген.

17-майда «Озоди Радиосу» менен «Настоящее времянын» журналисттерине Мамадшоевадан маек алып кайтып келе жатканда белгисиз бирөөлөр кол салышкан. Алардын техникаларын жана уюлдук телефондорун тартып алышкан.

18-майда «Азия Плюс» басылмасы бийликтин басымынан улам Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы акыркы окуяларды чагылдыруудан карманып жатканын кабарлаган. Басылма билдирүүсүндө алар Башкы прокуратурадан расмий эскертүү алышканын, ал эми башка мамлекеттик түзүмдөрдөн «Азия Плюс» «Тоолуу Бадахшандагы “бир тараптуу” чагылдырып, өлкөдөгү абалды “курчутуп” жатат» деген бейрасмий эскертүүлөр болгонун айткан.

Атайын операция

18-майда Тажикстандын ИИМи Тоолуу Бадахшан автоном облусунда «антитеррордук операция» башталганын жарыялаган. Министрлик 17-майда «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коомдук-саясий абалды бузуу үчүн Ооганстан менен чектешкен чек ара тилкесиндеги“Дүйшөмбү — Кульма” эл аралык унаа жолун мыйзамсыз тосуп алганын» билдирген.

«Кылмышкерлер эл аралык террордук уюмдардын колдоосу менен чет өлкөлөрдөн курал-жарак жана ок-дары алган. Ошондой эле террордук чабуул жана чагымчылдыкдын башка түрлөрүн уюштуруу үчүн чет өлкөлүк жалданма согушкерлерди тартышкан. Бул аракет атайлап эле конституциялык түзүлүштүн негизине каршы багытталган», — деп айтылат тажик ИИМнин маалыматында.

Мекемеден «уюшкан кылмыштуу топтор күч түзүмдөрүнүн курал-жарак жана ок-дарыларды тапшыргыла деген талабын аткарбай, куралдуу каршылык көрсөтүшкөнүн» кошумчалашкан.

Pamir Daily News Телеграм каналынын маалыматына ылайык, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рушан районунун административдик борборундагы — Вамарда — ок атышууда снайперлер жай тургундарга үйдөн чыгууга мүмкүнчүлүк бербей ок чыгарышкан.

«Вамардагы булактардын маалыматына таянсак, азыркы убакка чейин жай тургундардын арасынан 11 киши өлтүрүлдү. Аскерлердин арасында да каза болгондор бар. Негизинен, алар бычакталган же балта менен уруп өлтүрүлгөн», — деп жазды Телеграм канал 18-май күнү саат 14:40та.

Тажикстандын ИИМи ал күнү сегиз «согушкер» өлтүрүлүп, 11и жарадар болгону тууралуу отчёт берген. «Уюшкан кылмыштуу топтун 70тен ашуун активдүү мүчөсү» кармалган. Ошол эле учурда, мекемеден атайын операциянын жүрүшундө жай тургундар жабыркаган жок деп ишендиришкен. Бирок Pamir Daily News жергиликтүү тургундардын бирине таянып, 19-май күнү Рушан районунда аскерлер кыйноого кабылып, жарадар болгон 17 жергиликтүү тургундун сөөгүн тапшырганын айтып берген.

«Алардын көпчүлүгү кечээ эле жарадар болгон, бирок снайперлер аларды куткарып калыш үчүн адамдарды жакын жолотпой өз аскерлерин гана чыгарып кетишкен. Ал балдар бир күн кечке кансырап жатып каза болушту», — деп айткан өздүк булак Телеграм каналга.

Ошондой эле Тажикстандын ИИМнин маалыматында, атайын операция маалында бир аскер кызматкери каза болуп, 13ү жарадар болгон.

Ведомстводон 18-майда калган «УКТ мүчөлөрүн» куралдарын таштап, багынып берүүгө чакырып, «эртең кеч болуп каларын» айтышкан.

Орусиянын «РИА Новости» мамлекеттик маалымат агенттиги 18-майда Тажикстандын күч түзүмдөрүндөгү өздүк булагына таянып, «Бадахшандагы куралдуу согушкерлерди жок кылуу боюнча атайын операция аяктаганын» билдирген. Бирок Pamir Daily News Телеграм каналы жергиликтүү тургунга таянып, «Рушан жана башка айылдарды массалык тазалоо иштери уланып жатканын» жазган.

«Куралчан адамдар үйлөргө кирип келип эркектерди ылгабай эле алып кетип жатышат. Кармалгандардан массалык түрдө уюлдук телефондорду тартып алып жатышат, кыязы аскердик кылмыштардын ачыкка чыгышын каалабай жатса керек. Аскерлер келгенден кийин үйлөрдө акча жана алтын жоголуп, талап-тоноо фактылары тастыкталууда. Алардын коопсуздугу үчүн азырынча жабыркагандардын ысымдарын айта албайбыз. Вамарда абал өтө оор», — деп билдирет Pamir Daily News.

Европа биримдигинин Тажикстандагы өкүлчүлүгү, Франция, Германия, Улуу Британия жана АКШ элчиликтери 19-майда биргелешкен билдирүү жасап, Тоолуу Бадахшандагы абалды тынчтандырууга чакырган.

«Биз Тажикстандын өкмөтүн укук коргоо органдарынын аракеттерин мыйзамга ылайыктап, коопсуздук кризисинде да адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин сактоого чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

«Тажыкстандагы реформа жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн» оппозициялык кыймылынын лидери Шарофиддин Гадоев учурдагы абалдын курчуп кетишинин эки себеби бар — саясий жана экономикалык.

Шарофиддин Гадоев. Видеодон скриншот.

«Өлкөдө бийликти өткөрүп берүү процесси болуп жатканын түшүнүү керек. Бирок бул режим Тоолуу Бадахшандагы өз коопсуздугуна коркунуч келтирген факторлорду жок кылууга үлгүргөн жок. Эмомали Рахмон аймакты бейформал лидерлерден, козголоңчулардан жана нааразылардан тазалоого аракет кылып жатат. Экономикалык көз караштан алып караганда, Бадахшан пайдалуу кендерге жана баалуу таштарга бай. Аларды казып, сатыкка чыгаруу үчүн жана мыйзамсыз иштерге эч ким каршылык көрсөтпөшү үчүн [Мисалы Кытай менен болгон] бийлик аймакты толук көзөмөлгө алышы керек», — деп айткан ал «Настоящее Времяга» курган маегинде.

Гадоев азыркы операция 2012-жылдагы «баш бербеген аймакты акырындап ийге келтирүү» иш-чарасынын уландысы деп кошумчалады. Анын айтымында, азыркы «антитеррордук операцияны» өткөрүү февраль айына пландалган, бирок Украинадагы согуш анын бир нече айга жылдырылышына себеп болгон.

«Президент Рахмон саясий кризистин натыйжасында бийликке келген. Ал мыкты кризис-менеджер. Өткөн жылдардагы экономикалык каатчылыктар Тажикстандын президенти калктын көңүлүн социалдык көйгөйлөрдөн башка жакка буруу үчүн жасалма түрдө жер-жерлерде жаңжалдарды уюштуруп, аларды жөнгө салып келгенин көрсөтөт. Эмомали Рахмон социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чече албай турганын түшүнөт жана калк арасында нааразычылык күчөгөндө кайсыл бир аймакта атайын операция башталат. Муну менен бийлик калкка тандоо коет — экономикалык жыргалчылык же коопсуздук. Бирок, азыркы кризис президенттин көзөмөлүнөн чыгып кетиши мүмкүн деп корком [...] Учурда абал олуттуу жана ичинен жарылышы мүмкүн», — деп эсептейт саясатчы.

Багынбаган Тоолуу Бадахшан

Тоолу Бадахшан автономдуу облусу — Тажикстандын эң чоң аймагы. Ал өлкө аймагынын 45%ын ээлейт. Тоолуу Бадахшан автоном облусунун дерлик бүт аймагын Памир кырка тоолору ээлейт. Бадахшанда Тажикстандын калкынын 3,2 пайызы гана жашайт.

Хорог шаары. Сүрөт: RFE/RLХ

Тоолуу Бадахшан автоном облусу түндүгүнөн Кыргызстан, батышынан Кытай, түштүгүнөн Ооганстан менен чектешет.

Тажикстандагы (1992 — 1997-жылдардагы) жарандык согуштан кийин, Тоолуу Бадахшанда мурдагы талаа командирлеринен ичинен суурулуп чыккан бейформал лидерлер пайда болгон. Алардын өздөрүнүн куралдуу отряддары болгон. «Медиазона» белгилегендей, алардын көпчүлүгү адам өлтүрүүгө жана баңгизат аткезчилигине шектелгендер. Алардын арасында Имомназор Имомназоров, Толиб Аембеков, Йодгорш Мамадасламов жана Мамадбокир Мамадбокиров сыяктуу лидерлер болгон.

Эл аралык НКО Crisis Group аналитикалык уюму белгилегендей, Бадахшандын куралдуу «оюнчуларынын» таасири аймактын саясий жашоосуна, укук коргоо органдарына жана уюшкан кылмыштуу топко чейин жайылган.