ЕАЭБ президенттеринин жыйыны онлайн өтөт, ал эми Бишкекке Токаев гана келмей болду

Евразия экономикалык кеңешинин 27-майдагы жыйыны видеоконференция форматында өтөт. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковго таянып Беларустун «Белта» басылмасы билдирди.

Анын айтымында, саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар.

«Биз саммитте жүз көрүшөбүз деп даярданып жатканбыз, бирок бир күн мурда өлкө башчылары форумга жана кеңештин отурумуна видеоконференция байланышы аркылуу катышабыз деген чечим кабыл алышты», — деди ал, бирок себебин түшүндүргөн жок.

Ал эми, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошевдин айтымында, Евразия экономикалык форумуна Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келет. Экономикалык форум 26-майда Кыргызстандын борбору Бишкекте өтөт.

«Форумга катышуу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнөн башка дагы он мамлекет арыз берди. Анын ичинде Түштүк-Чыгыш Азия жана Латын Америка өлкөлөрү бар. Жалпысынан жыйынга 1,7 миң адам катышары күтүлүп жатат», — деп билдирди Кожошев.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр — Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия.

Буга чейин милициядан форумга байланыштуу 23-майдан тарта укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөрүн билдиришкен.

26-майдан 28-майга чейин жол кыймылынын коопсуздугун жана тартипти камсыздоо үчүн 4 миң милиция кызматкери жана 200 автоунаа тартылмакчы.