Алмазбек Бейшеналиев: Терек-Сайдагы мектептин ордуна жаңы имарат курулат

Чаткалдын Терек-Сай айылындагы шыбы урап түшкөн мектептин ордуна инвесторлордун жардамы менен жаңы имарат курулат. Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев аталган аймакка барганда белгилүү болду.

«Чаткал районундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйын өткөрүп, тармагыбыздагы жаңылануулар боюнча жеринен кабар бердим. Терек-Сайга сырттагы инвесторлордун жардамы менен жаңы мектеп салынат», — деп жазды Бейшеналиев Фейсбук барагына.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы Бейшеналиев шыбы ураган мектептин абалы менен таанышып, кырсыктан жабыркаган мугалим Асия Сакеева жана окуучулардан кабар алганын белгилешти.

Ал эми Сакеевага жайкы каникул учурунда Ысык-Көл облусундагы ден соолукту чыңдоочу санаторийлердин бирине үй-бүлөсү менен эс алып келүү үчүн жолдомо берилерин кошумчалашты.

Шыбы урап түшкөн мектеп

17-май күнү саат 12:30 чамасында Терек-Сай айылындагы №18 Амирабек Чымканаев мектебинин шыбы урап түшкөн эле. Окуя болгон маалда класста сабак өтүлүп жаткан, кырсыкка күбө болгон 16 окуучуна жана бир мугалимди «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын унаасы менен «шок» абалда ооруканага жеткирилишкен.

Ошол эле күнү окуучулар медициналык текшерүүдөн өтүп, ата-энелер үйлөрүнө алып кеткен. Ал эми мугалимдин кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жаткырылган.

Бул маселени 18-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев дагы көтөргөн. Ал мектептин шыбы ураган күнү «Эти Бакыр Терексай» компаниясы айылдын үстүндө жардыруу уюштурганын айтып, анын ишин текшерүүнү талап кылган.

Бирок «Эти Бакыр Терексай» ЖЧСынын маалымат кызматы мектептин шыбыгын урап түшүшүнө алардын тиешеси жоктугун билдиришкен.

Компаниянын маалыматына ылайык, жардыруу иштери мектептин шыбы урап түшкөндөн кийин, саат 12:50дө жүргүзүлгөн.

Ошол эле учурда «Эти Бакыр Терексайдан» мектептеги окуя тууралуу кабардар болушканын жана аталган күнү ишкананын дарыгерлерин жиберип, балдарга медициналык жардам көрсөтүшкөнүн белгилешкен. Андан сырткары, жабырлануучуларды компаниянын амбулатордук унаасы менен ооруканага жеткиришкенин да кошумчалашкан.