Өлкөнүн түштүк аймагында 9 миң гектардан ашуун жерди чегиртке каптады

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл өкмөтүндө дээрлик 1 000 гектар аянтты, ал эми Жалал-Абад облусунда жалпы 8 485 гектар жерди чегиртке каптады. Бул тууралуу «Клоопко» аталган облустардын агрардык өнүктүрүү башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, чегиртке Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак жана Аксы райондорунда жана Баткен облусунун Лейлек районунда катталды.

Учурда Лейлектин Кулунду айыл аймагына караштуу Колосоң айылында чегиртке каптаган 150 гектар жердин 100 гектарында дарылоо иштери бүтүп, 50 гектар аянтты дарылоо иштери уланууда.

Мындан сырткары, ошол эле Кулунду айыл өкмөтүнүн Ысырык-Сай жайлоосундагы 800 гектар аянты чегиртке каптаган аймак катары аныкталган. Учурда анын 240 гектарында дарылоо иштери аткарылып, 560 гектары дарыланууда.

«Бул аймактарды дарылоо иштерин айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү коргоо департаменти менен биргеликте атайын техникалардын жардамы менен иш жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле химиялык суюк зат мамлекет тарабынан акысыз берилип жатат» , — дейт Лейлек райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Исамидин Кенжебаев.

Ал эми Жалал-Абад облусундагы агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Абдыкадыр Рахманов чегирткеден арылуу үчүн учурда 4 микромер иштеп жатканын билдирди. Ошондой эле, ал бул техника жетишсиз болсо Бишкектен кошумча техника тартыла турганын белгиледи.

Анын айтымында, чегирткелер жайыт талааларын гана каптагыны аныкталып, эгин талаага жеткен эмес.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, быйыл чегиртке буга чейин болбогон жерлерде да катталууда.