Аксы районунда селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

21-22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Жалал-Абад облусунун Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, райондун Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу, жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндөгү 4370 метр ички жолду, 6 ички чарбалык көпүрөнү сел алып кеткен.

Андан сырткары 29 турак үйдүн там аркаларын суу каптап, 1 социалдык объект менен 6 турак үйдүн ичине суу кирген.

Жеринде жарандык коргонуу кызматтары жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы иш алып барышууда. Учурда тийешелүү кызматтар тарабынан жалпы чыгымдар такталууда.

Селден өлкө боюнча 48 мамлекеттик суу чарба объектиси зыянга учурады жана анын чыгымы 18,4 млн сомду түздү. Бул тууралуу 23-майда парламенттик комитеттин жыйынында айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары мамлекеттик кызматынын башчысы Алмазбек Сокеев билдирди.

«Анын ичинен Баткен облусунда 5 суу чарба объектиси, 1 млн 600 миң сом. Ош облусу боюнча 33 суу-чарба объектиси 9 млн 200 миң сом чыгым. Жалал-Абад облусу боюнча 4 суу-чарба курулмасы 1 млн 700 миң сом», — деди Сокеев.