MediaHub: Нарындык өспүрүмдөр рэкеттерден кантип зомбулук көрүшкөнүн айтып беришти

MediaHub басылмасынын журналисттери нарындык активисттер менен биргеликте Нарын шаарындагы рэкетчилик тууралуу изилдөө жүргүзүштү. Анда шаардагы мектеп жана орто кесиптик окуу жайда окуган 100дөн ашуун өспүрүм сурамжылоого катышып, баары тең шаардагы рэкеттердин зомбулугуна туш болушканын айтып беришкен.

Бирок сурамжылоого катышкандар коопсуздугунан чочулап, бирөөсү дагы журналисттерге ачык интервью берүүгө макул болгон эмес. Ал эми иликтөөчү журналисттер жабыркагандардын окуялары 2022–жылдын башында жарык көргөн «Акыркы сабак»* сериалын тастыктайт деп белгилешет.

*Режиссёр Руслан Акундун «Акыркы сабак» тасмасы Нарын шаарында тартылган. 10 сериалдан турган кинодо Нарын шаарында мектеп окуучулары рэкеттерден кантип жабыркаганы баяндалат.

«Акыркы сабак» тасмасынан үзүндү.

Журналисттердин маалыматына ылайык, сурамжылоого 84 эркек бала жана 20 кыз катышкан. Алардын көбү мектеп окуучулары. Эркек балдар тоноочулукка жана катуу уур-токмокко, кыздар сексуалдык зомбулукка кабылышканын айтып беришкен. Мындан сырткары, жабыркагандар рэкеттерге 100 сомдон тартып кымбат баалуу телефондорун, сааттарын тарттырып жиберишкенин баяндашкан. Эсептөөлөр боюнча, чыгымдардын жалпы суммасы 500 миң сомго жеткен.

Изилдөөдө рэкеттердин толук аты-жөнү ачыкталган эмес. Жабыркагандардын ичинен 16 баланы «Кылыч» аттуу чоң муштум бала тоногон. Сурамжылоого катышкандардын бардыгы аны тааный турганын айтышкан. Ал эми 8 бала «Санат» аттуу балага аргасыз акчаларын чогултуп беришкен.

5 бала «Жаныштын» ур-токмогуна кабылып, акча беришсе, ал эми 14 бала «Сырттан» аттуу чоң муштумга акча берип, буюм-тайымдарынан айрылышкан. Ал эми 5 кыз «Эралы» аттуу баладан сексуалдык зомбулук көрүшкөнүн айтып беришкен.

Изилдөөдө катышкандардын айрымдары, рэкеттердин айынан Нарын шаарынан башка жакка кетүүгө аргасыз болгондор, кээ бирлери өз өмүрүнө кол салууга чейин барышкан.

Жабырлануучулардын биринин эжеси рэкетчиликтин айынан иниси уурулукка барганын айтып берген. Ал белгилегендей, ата-энелер салык салган балдардын ата-энесине жана мугалимдерге чейин айтып даттанышкан. Бирок андан эч майнап чыккан эмес.

Нарын шаары. Видеодон скриншот.

«Биз негизи жакыр үй-бүлөбүз. Атам менен апам бизди багуу үчүн күнү-түнү иштешет. Бир күнү атамдын чөнтөгүнөн 7 миң сом жоголду. Бул акча биз үчүн аябай чоң сумма болчу. Атамдын аябай жини келген болчу. Көрсө аны 7-класста окуган инимди чоң класстын балдары коркутуп, салык салышкан экен. Иним акчаны кайдан табаарын билбей, ушундай ишке барыптыр. Ошол учурда мектепте 7-класстан 11-класска чейин салык салуу системасы бар экен. Аны кыздар анча деле билчү эмеспиз. 100 сомдон баштап чоң суммага чейин чогултулат экен. Эгер сураган акчаны таап келбесе, баары токмок жешет. Мындай салык салуу дагы деле тотобой, иним кийинчээрек дагы деле менден акча сурап, рэкеттерге берүүсү керектигин айтып жүрдү», — деген ал.

Ал эми 18 жаштагы Рустам «Кылыч» аттуу рэкеттин ур-токмогуна кабылып, кабыргасы сынганын айтып берген. Бирок ал коопсуздугунан чочулап, чоң муштумдун үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазган эмес.

«Менин унаам бар болгондуктан ал балдар көргөн эле жерден кармап алып, дайыма ары-бери айдатып кыйнай беришет. Бир жолу иштеген жериме келишиптир. Адатынча машинамды айдатып алып бир жакка бармак болушту. Баргым келбей, машинам бузук деген шылтоону айттым. Айткандарыма ишенбей, мени киши жок жерге алып барып, сабай башташты. Жанымда мага окшоп токмок жеген эки бала бар экен. Бирөөсүнүн мурду сынып, бирөөсүнүн көзү көгөрүп калыптыр. Бир убакта жерден таш алып мени уруп жиберди. Ошондо колум кыймылдабай ичим ооруп баштады. Мен коркконуман машинамды айдап чыгууга макул болдум», — деген ал.

Рустамдын акыбалын кесиптештери көрүп милицияны жана тез жардам кызматын чакырышкан. Бирок ал « Кылычтан» коркконунан үйүнө кетип калган. Ал үйүнө барган кезде ата-энеси милиция менен биргеликте аны издегенин билген.

«Ата-энем менин акыбалымды көрүп, дароо ооруканага алып барышты. Көрсө "Кылыч" таш менен урганда кабыргам сынып кетиптир. Арыз жазгым келген жок, анткени андан деле пайда чыкпайт. Балдар мурун деле милицияга кайрылган, алар баары бир жазага тартылбайт. Анан да тигилер көчөдөн мени кармап алып, башты оорутушат. Мени сабагандар Нарында белгилүү зордукчул балдар. Алар буга чейин дагы көптөгөн балдарга зомбулук көрсөтүшкөнүн билем», — деген ал.

Рустамдын айтымында, «Кылыч» эч жерде иштебейт. Ал өспүрүм балдарды тоноо менен гана жан багат. Ал үйлөнгөндө Нарын шаарындагы балдар акча чогултуп беришкенин кошумчалайт.

Ал эми жабыркаган балдардын биринин апасынын айтымында, шаардан айылга көчүп кеткен күндө да рэкеттер уулунун жанын коюшкан эмес.

«Менин балам 11-класста окуйт. "Кылыч" деген бала салык салып, окуучуларды кыйнайт экен. Тажатты, кайрылбаган жерим, жалдырабаган кишим калган жок. Ушунчалык кыйналдым. Акча доолашат, сабашат. Буларды жоопко тарткан эч ким жок. Айлабыз кетип баламды айылдагы мектепке которуп кеттик. Кийин "Кылыч" ал мектепке барып дагы коркутуп жүрүптүр. Ошондо балам мага “мен чыдай албайм, өлгөндөн башка эч нерсем калган жок” деп ыйлады. Кайним деле милиция болуп иштейт. Булар деле эч нерсе кыла албайт экен. Ага айтсам унчукпай туруп берди. Мен баламдын келечегинен корком, эч кимге ишенбейм. Милициялардын кылганы ушул болсо, биз кантип анан Нарында жашайбыз? Балам болсо Бишкекте жүрөт, Нарынга келе албай калды», — деген ал.

Балдарды тоногон чоң муштумдардын айрымдары кыздарга дагы кол салышкан. Алардын зомбулугуна кабылган кыздар 17-19 жашта.

«Бир жолу окуудан чыгып баратсам, астымдан "Эралы" чыкты. Мени үйгө чейин унаасы менен жеткирип коюуну сунуштады. Макул болуп унаасына отурдум. Бирок ал менин үйүмдү көздөй айдабай, тоо тарапка айдап жөнөдү. Мен коркуп кеттим. Ал эч ким көрбөгөн жерге унаасын айдап барып токтотту. Мен тарапка отурду дагы, кармалап баштады [...] Анын бул аракетине каршылык көргөздүм. Алдап сүйлөшүүгө дагы аракет кылдым. "Эралы" мени уккан жок. Тескерсинче күчөп баштады. Колун эч кийимиме салып, чечүүгө аракет кылып баштады. Так ошол учурда эжем телефон чалып калды. "Эралы" ошондо бир аз токтой калды. Мен ошол учурдан пайдаланып, ага катуу кыйкырдым. Эгерде мага бир нерсе боло турган болсо жооп берерин айттым. Ошондон кийин дагы ал бир топко чейин аракетин токтоткон жок. Ал менин кыйкырып ыйлаганымдан чочудубу айтор кайра шаарга алып келип, түшүрүп койду», — деп айтып берген 18 жаштагы Малика.

«Эралыдан» сексуалдык зомбулук көргөндөрдүн дагы бири 19 жаштагы Жамал. Ал дагы зомбулуктан качып кутулган. Бирок милицияга арыз жазган эмес. Анткени анын жазага тартылышына ишенбейт.

«"Эралыны" мен университеттен көрүп жүргөм. Бир күнү мага социалдык тармактан жазып калды. Оюмда эч нерсе жок жооп бердим. Ошентип бир аз тааныш катары жазышып жүрдүк. Бир күнү тезинен жолугууну сунуштады. Кандайдыр бир көйгөй болуп атканбы деп мен макул болдум. Үйгө унаасы менен келиптир. Машинасына отургандан кийин дароо айдап жөнөдү. Эч ким жок жерге бардык. Бир аз убакыттан соң ал мага асылып баштады. Ич кийимдеримди чечүүгө аракет кылып кирди. Мен болгон күчүм менен каршылык көрсөтүп жаттым. Бир убакытта анын колунан бошонуп чыктым дагы, унаадан түшүп качып кеттим», — деди ал.

Бул окуядан кийин Жамал ал баладан көп убакыт качып жүргөн. Кийин ал «Эралы» башка кыздарга дагы сексуалдык зомбулук көрсөтүп жүргөнүн уккан.

Видеодон скриншот.

«Милицияга кайрылууну туура көргөн жокмун. Кошуналар, курсташтар, туугандар угушса өзүм эле уят болуп каламбы деп корктум. Себеби милиция кыздарды коргой албайт. Чогуу окуган балдар-кыздар угушса "уят болобуз" деп, кыздар мындай окуяларды эч кимге айтышпайт. Ата-энелерге дагы айтуу оор. Ошондуктан көп кыздар эч кимге айтпай жашырып жүрө беришет», — деди ал.

Иликтөөдө активисттер рэкеттер аларды сурамжылоону жүргүзүп аткан учурда телефон аркылуу жана көчөдөн да жолугуп, коркутуп тоскоолдуктарды жасашканы айтылат. Алардын бири «Сырттан» аттуу чоң муштум бала.

«Мисалы мен өлүмдөн коркпойм, Кудайдан гана корком. Бирөө келип сайып кетсе коркпойм. Мен деле тынч жашайын деп, жаңыдан тынчып атсам мага тийишпей эле койгулачы. Мен силерден суранам. Силер тынч болсоңор, мен да тынч болом. Силер тийишсеңер мен деле баштайм», — деген «Сырттан» активисттерге чалып.

Материалдын аягында журналисттер бардык фактыларды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө даяр экенин да белгилешкен.

Ал эми Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова «Клоопко» MediaHub'дын иликтөөсү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

«Иликтөө боюнча тергөө иштери башталды. Материалда айтып берген ар бир каармандын иши боюнча өзүнчө беренелер коюлат. Азырынча кайсы берене экенин айта албайбыз», — деди Эсенгулова.