Пайда эмес, коопсуздук керек. Такси айдоочуларын лиценция алууга милдеттендирүү сунушталды

Ички иштер министрлиги «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү иштеп чыкты. Документ таксисттерди лицензия алууга милдеттендирет. Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Азыр мыйзамда жүргүнчүлөрдү ташыган жеңил унаа таксилерин кошпогондо, жүргүнчүлөрдү ташыган автотранспорт каражаттары лицензия алууга милдеттүү деп жазылган. ИИМ таксини милдеттендирбеген бул боштукту алып салууну сунуштап жатат.

Ведомство бул чара таксисттердин ишмердүүлүгүнө экономикалык жактан «анчейин деле таасир» этпейт, максаты «пайда көрүү эмес, жүргүнчү ташуунун коопсуздугун камсыздоо» деп эсептейт. Мындан сырткары, ИИМ бүгүнкү күндө лицензияны бир жылга болгону 500 сомго алса болорун эске салды.

Учурда таксисттер ыктыярдуу патент менен иштешет. ИИМ бул рынокто жүргүнчү ташуучулардын, кичи автобустардын жана жеңил таксилеринин (мисалы, «минивэндердин») ортосунда тең эмес атаандаштыкка алып келип жатат деп айтты. Мындан тышкары, министрликтен бүгүнкү күндө машинасы бар адамдын баары жүргүнчү ташуунун коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды сактабастан киши ташый аларын билдиришти.

Жеңил таксилерге лицензия киргизүү жөнүндөгү талап президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын декабрында кол койгон Кыргызстандын жолдорундагы унаа кырсыктары тууралуу жарылыгында дагы камтылган.

Мурдараак ИИМ бардык чуулгандуу ири авариялар эл аралык жана республикалык маанидеги жолдордо катталып жатканын белгилеген.

Өлкөдө жол кырсыктарнын саны жыл сайын өсүүдө. 2021-жылы 7 437 кырсык катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 21,3%га көп. Жол кырсыктары 800дөй адамдын өмүрүн алган.

CABAR.asia аналитикалык порталынын журналисттери 2010-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта Кыргызстанд жол кырсыктарынан 10 миңден ашуун адам каза тапканын маалымдаган.