Жапаров: Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда саясий карама-каршылыктар жок

Президент Садыр Жапаров Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев менен Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда саясий карама-каршылык жок экенин билдирди.

«Бүгүнкү күнү биздин өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай аймактык талаштар жана саясий карама-каршылыктар жок», — деди ал Кыргызстан менен Казакстан аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо үчүн биргелешип иш алып барарын кошумчап.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Казак президенти Жапаровдун айткандарына кошулду.

«Казак-кыргыз ынтымагын жаңы деңгээлге көтөрүү жөнүндөгү айткандарыңызды толук колдойм. Биздин өлкөлөр ортосунда карама-каршылык жана башка маселелер жок. Болгону биздин мамлекеттердин өкмөттөрү жогорку деңгээлдеги келишимдерди аткарып, конкреттүү макулдашууларга жетишүү үчүн олуттуу иштерди жасашы керек», — деп жооп берди Токаев.

Касым-Жомарт Токаев Бишкекте Жапаров менен жолугушууда. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Ошондой эле ал Кыргызстан Казакстандын Кудай берген коңшусу жана эң жакын союздашы, ал эми кыргыз калкы казак элине эң жакын калк экенин кошумчалады.

Казакстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүү, бир катар документтерге кол коюу жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) пленардык жыйынына катышуу үчүн Бишкекке расмий сапары келди. Токаев жыйынга катышуу үчүн Бишкекке келген жалгыз президент. Калган өлкө лидерлери жыйынга видеоконференция аркылуу катышышат.