Белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун эки китеби басылып чыкты

Белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун 27-май туулган күнүнүн урматына «Доско кат» аттуу ырлар жыйнагы жана «Датасы жок күндөр» аттуу ой толгоолор китеби басылып чыкты. Иш-чара Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайында өткөрүлдү.

Ага Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, Бишкек эркин экономикалык аймактын (ЭЭА) жетекчиси Кудрет Тайчабаров, манасчы Рыспай Исаков, мадания министринин орун басары болуп Чыңгыз Эсенгулов, маркумдун кесиптештери, үй-бүлөсү жана жакын санаалаштары катышты.

Иш-чарынын ачылышында Ажыматовдун ыралы окулуп, келген коноктор аны «кесипкөй, жөнөкөй жана мекенчил акын» катары эскеришти.

Ажыматовдун жубайы Анара Жансариева «Клоопко» аталган китептердин үстүнөн жолдошу көзү барында иштегенин, бирок чыгарууга жетишпей калганын айтты.

«Бул китеп былтыр эле чыкмак, анан биз чыгарганга мүмкүнчүлүгүбү жок болду. Анан быйылкыга туулган күнүнө чыгаралы деп атайын 27-майга чыгардык. Негизи китептери даяр эле болчу, Зайырбек китептин үстүнөн иштеп аткан. Ал “Датасы жок күндөр” деген китебин өзү темасын коюп, басып чыгарганга даярдап койгон. Ырлардын арасында жаш балдарга арнап койгон бүткөн дагы, бүтпөй калган дагы ырлары бар экен», — деди ал.

Жансариева акындын жолун кичүү кызы Карлыгач улантат деген ойдо.

«Кызымдын көп жактары атасына окшош. Ошол кызымды атасынын жолуп жолдойт деп үмүт кылып жатабыз», — деп кошумчалады ал.

Ал эми Ажыматовдун жакын досу, манасчы Рыспай Исаков жарыкка чыккан китепте акындын бардык ырлары топтолгонун айтып, поэзияда өзгөчө орун аларын белгиледи.

«"Жалгыздык" ыр түрмөгүнөн баштап, Зайырбектин алгач кадам шилтеп, калем шилтеп жазган чыгармаларынан баштап, акыркы чыгармаларына чейинки чачыласы бир жерге топтолду. Бир эле Зайырбек эмес досторубуздун арасында Элмирбек кетип калды, Зайырбек кетип калды, андан эртерээк Калмурат кетти. Мына, ушуларды унутпай, эстеп турсак, жалпы журтка жарыялап турсак деген ниетте жасап атабыз. Анткени, булар керт башынын кызыкчылыгын эмес, жалпы журттун намысын коргой турган, жалпы журттун камылгасында жүрө турган эр азаматтар болчу», — деди ал.

Чыгаан акын жана журналист Зайырбек Ажыматов

Зайырбек Ажыматовдун каза болгонуна быйыл эки жыл толду. Ал 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктап, ошол эле жылы журналистикадагы эмгек жолун «Асаба» гезитинен баштаган.

Андан соң «Кыргыз Туусу», «Жаңы агым», «Бишкек Таймс» гезиттеринде, КТРКда эмгектенип, акыркы жылдары «Азаттык» үналгысы менен кызматташып, маданий жана социалдык темаларда макала, баяндарды даярдап жүргөн.

Ажыматов 2019-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болуп, «Жүрөктөгү бороон» жаңы ырлар жыйнагын чыгарган болчу. Маркум мындан сырткары «Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар» ырлар жыйнактарынын автору.

Акын 2020-жылы 29-апрелде кан басымы капыстан түшүп кетип каза болгон. Анын калемдештери, Ажыматовду жакын досу, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин дүйнөдөн кайтканы терең кайгыга батырганын айтышкан.