Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин сайты.

26-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке расмий сапары менен келди. Бул Токаевдин Садыр Жапаров президент болгондон берки Кыргызстанга жасаган биринчи сапары.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар биргелешкен билдирүүлөрдөн тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту.

«Клооп» Жапаров менен Токаевдин жолугушуусунун урунттуу учурларын чогултту.

Сүйлөшүүлөр жана билдирүүлөр

Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында президенттер тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Кыргызстандын президентининн басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары «кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелерин, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты».

Андан соң эки өлкөнүн министрлеринин катышуусунда кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр өттү. Анда дагы Жапаров менен Токаев сөз сүйлөштү.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров акыркы 30 жылдын ичинде эки өлкө кызматташтыгын стратегиялык өнөктөшүү деңгээлине жеткире алды деп белгиледи.

«Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок экендигин белгилегим келет — бул башкы нерсе. Биргелешкен күч-аракеттер менен Кыргызстан жана Казакстан эки тараптуу байланыштардын комплексин андан ары өнүктүрүүнү, ошондой эле аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого ылайык аймактар аралык жана эл аралык түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү камсыз кылаарын так түшүнүү бар», — деди Кыргызстандын президенти.

Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр. Сүрөт: Казакстандын президентинин сайты.

Токаев өз сөзүндө Казакстан «эки тараптуу алаканы жаңы деңгээлге чыгаруу» демилгесин колдой турганын айтты.

«Казакстан достук, ынак коңшулук жана чыныгы союздаштык духунда кыргыз-казак мамилелерин ар тараптуу чыңдоо боюнча стратегиялык багытты бекем карманат», — деп билдирди Казакстандын президенти.

Кол коюлган документтер

Көп өтпөй бир катар документтерге кол коюу иш-чарасы өттү. Алсак, мамлекет башчылары эки өлкөнүн бир катар облустарынын жергиликтүү бийликтеринин кызматташтыгы тууралуу меморандумга кол коюшту.

Ошондой эле Кыргызстандын экономика министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин башчысы Бахыт Султанов «Карасу» жана «Ак-Тилек» автожол постторунун аймагында өнөр жай соода-логистикалык комплексинин инфраструктурасына инвестициялоо боюнча меморандумга кол коюшту.

«Мына бүгүн [бул комплекстин курулушуна] капсула салынды. Менин оюмча бул саамалык биргелешкен өндүрүштүк кооперацияларыбызды жакшыртып жана бекемдөөгө, ошондой эле өз ара сооданын өсүшүнө өбөлгө түзөт», — деп түшүндүрдү Амангелдиев.

Ал индустриалдык соода-логистикалык комплекс үч жылдын ичинде салынарын кошумчалады. Анын айтымында, комплекстин базасында келечекте кайра иштетүү жана жеңил өнөр-жай өндүрүшү, ошондой эле логистика борбору жайгашат.

Ошондой эле эки өлкөнүн Билим берүү жаатында кызматташуу тууралуу өкмөттөр аралык келишимдерине өзгөртүүлөр киргизилди. Токаев Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачууга кызыктар Казакстандын 8 ЖОЖу тууралуу айтып берди. Ал кыргыз студенттери үчүн студенттик квота 50гө көбөйтүлгөнүн дагы кошумчалады.

Документтерге кол коюлгандан кийин Кыргызстан менен Казакстандын президенттери биргелешкен билдирүү жасашты.

Касым-Жомарт Токаев менен Садыр Жапаров кол коюлган биргелешкен билдирүүлөрдү бири-бирине өткөрүп берип жатышат. Сүрөт: Казакстандын президентинин сайты.

Жапаровдун билдирүүсү

Кыргызстандын президенти мамлекеттердин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орногондугунун 30 жылдыгына карата өтүп жаткан Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин расмий сапарына өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Бул — биздин мамлекеттерибиздин мамилелеринин жогорку деңгээлинин жана эки өлкөнүн ортосундагы ишенимдүү саясий диалогдун далили», — деди Жапаров Кыргызстан менен Казакстан «эң ынак коңшу жана бир тууган эл» экенин кайталап.

Анын айтымында, Токаев менен сүйлөшүүлөр «достук, жылуу маанайда, иштиктүү жана конструктивдүү шартта өттү». Жапаров алар эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүү жана стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыгаруу максатында 2003-жылдагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимди жаңылоону макулдашышканын айтып берди.

Ошондой эле Жапаров «товарларды жана жүктөрдү Казакстан аркылуу өткөрүү маселеси боюнча, чек арадагы тыгындарды болтурбоо жана бул маселе боюнча мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоону» макулдашышканын билдирди. Жапаров жана Токаев өз өкмөттөрүнө соода-сатыктын көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү тапшырышты. Улуттук статкомитетини маалыматына ылайык, 2021-жылы эки мамлекеттин өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млрд 60 млн долларды түзгөн.

«Ошондой эле [президенттер] эки тарапты кызыктырган аймактык жана эл аралык темалар боюнча пикир алмашып, көп тараптуу кызматташуу форматындагы биргелешкен аракеттерди белгилешти», — деп келтирди Жапаровдун айткандарын басма сөз кызматы.

Токаевдин билдирүүсү

Казакстандын президенти сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө «соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөгө» өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.

«Бүгүн, бүткүл дүйнө жүзү оор күндөрдү башынан кечирип жаткан мезгилде, күч-аракетибизди бириктирүү маанилүү [...] Жалпысынан, [Кыргызстан менен Казакстандын] экономикалык интеграцияны андан ары кеңейтүү үчүн потенциялы бар», — деди Токаев.

Анын айтымында, Казакстан Кыргызстанга өнөр жай продукцияларын жана башка товарларды экспорттоого даяр. Токаев Казакстандын капиталын тартуу менен Ысык-Көл облусуна күн электр станциясын куруу пландалып жатканын да айтты. Долбоордун баасы 300 млн долларды түзөт.

Токаев дагы бир артыкчылыктуу багытка токтолду — ал суу-энергетика тармагындагы мамилелерди координациялоо.

«Биз трансчекаралык суу ресурстары жалпы байлыгыбыз экенин дагы бир жолу бышыктадык. Суу тартыштык маселеси жылдан-жылга күчөп баратат. Мындай прогнозду дүйнөдөгү беделдүү экологиялык эл аралык уюмдар берип жатышат. Келечекте суу көбөйбөйт — бул түшүнүктүү нерсе. Ошондуктан Орто Азия мамлекеттери бири-бирине кабар берип, иш алып баруусу керек […] Казакстан өз тарабынан баардык милдеттемелерди жана маанилүү долбоорлорду биргеликте аткарууга даяр», — деди Токаев.

Касым-Жомарт Токаев. Сүрөт: Кыргызстандын президенттинин сайты

Буга чейин Токаев инвестициялык кызматташууну активдештирүүгө чакырып, сунуштарды изилдеп, келечектүү долбоорлордун тизмесин изилдеп чыгууга үндөдү. Алардын бири, анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу. «Азаттык» белгилегендей, Кыргызстанда аталган курулуштун талкууланып жатканына 30 жылдан ашкан, бирок долбоор азырынча кагазда гана калууда.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Садыр Жапаров Токаев менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын белгиледи. Ал эми Казакстандын башчысы Бишкке жасаган сапарынын жыйынтыгы «эки мамлекеттин кызматташтыган жаңы деңгээлге чыгарууга жол берерин» билдирди.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров президент болуп келгенден бери Кыргызстанга расмий сапар менен келген алгачкы чет элдик президент болду.

Токаев Жапаров менен жолугушуудан тышкары Бишкекте Евразиялык экономикалык форумунун жыйынына катышты. Ага видеоконференция форматында ЕАЭБдин бардык президенттери катышышты.

27-майда Евразиялык экономикалык кеңештин жогорку жыйыны өтөт. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери видеоконференция форматында катышышат.