Укук коргоочулар «энесин коргойм» деп мас кишиге бычак шилтеген өспүрүмдү бошотууну талап кылышты

27-майда «Балдардын укугун коргоо» лигасынын директору Назгүл Турдубекова энесине кол көтөргөн мас кишиге бычак шилтеген 16 жаштагы бала өспүрүмдөр колониясына камакка алынганын айтып чыкты.

Турдубекова баланын туугандарына таянып, иштин айрым жагдайларына токтолду. Анын айтымында мас абалындагы киши өспүрүм апасы жана бир туугандары менен жашаган батирге бастырып кирген.

«Булар жашаган үй мейманканага жанаша жайгашкан. Кол салган киши жаш балдары менен жашаган жалгыз бой эненин үйүнө келип, эшигин бир нече жолу тээп, сындырган. Андан соң жулунуп кирип келип аялды бетке муштаган. Ал мейманкана менен алмаштырып, буюмдарын издеп баштаган», — дейт укук коргоочу.

Укук коргоочунун белгилешинче, кичине балдар коркконунан ыйлап, балдардын улуусу үй-бүлөсүн коргоого аргасыз болгон. Ошондой эле ал жабыркаган аял мейманканада администратор болуп иштейт деген маалыматты четке какты.

«Апасы аргасыз абалда, балдарына тамак-аш алууга акчасы жок отурат. Ал барып кол салган эмес, апасын үйүнө кирип келген адамдан коргогон, судья аны сот залынан бошотууга милдеттүү болчу», — дейт Турдубекова.

Укук короочунун айтымында Ленин райондук сотунун судьясы баланы камакка алуу чечимин «жабырлануучу кокус өлүп калса дагы» деп түшүндүргөн. Турдубекованын айтымында, кишинин абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Милиция эмне дейт?

Сүрөт: Ленин райондук милициясы

Ленин райондук милициясынан сөз болуп жаткан өспүрүм 14-майда Бишкектеги Рыскулов көчөсүндөгү мейманканада иштеген апасын коргоп мас кишини бычак менен жарадар кылганын белгилешти. Жабыркаган киши ооруканага жеткирилген.

Факты «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып, 16 жаштагы бала кармалган. Ал эми Ленин райондук соту № 14 түзөтүү колониясына бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Соттун бул чечими коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, укук коргоочулар жана активисттер уландын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышууда.

Окуя боюнча акыйкатчы үн катты

Атыр Абдырахматова. Сүөт: Акыйкатчы интституту.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 25-майда жашы жете элек баланын баш коргоо чарасын карап, эркинен ажыратуу менен байланышпаган чарага өзгөртүү талабы менен Ички иштер министрлигине кайрылды.

«Ички иштер органдары, прокуратура жана соттор баланын укугун коргоо боюнча улуттук кепилдиктерди бузуп, БУУнун жашы жете электерге карата сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун минималдуу стандарттык эрежесин ( «Пекин эрежесин» ) эске алышкан эмес», — деп жазылат билдирүүдө.

Акыйкатчы институту «Пекин эрежесине» ылайык, жашы жете электерди сотко чейин камакка алуу эң акыркы чара катары, кыска мөөнөткө гана колдонуларын белгиледи. Бирок мүмкүн болсо, башка альтернативдүү чаралар менен алмаштырылат.

Ленин райондук соту эмне дейт?

Бишкектин Ленин райондук сотунун басма сөз катчысы «Клоопко» жашы жете элек баланын иши боюнча кийинки отурум 1-июнга белгиленгенин маалымдады.

Анын айтымында, айыпталуучу тараптын өкүлү Ленин райондук сотунун чечимине даттанып Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз берген.