Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгү таш түшүрүүгө жабылат

30-майдан тартып 3-июнга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда аба ырайынын шартына карабастан таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз Темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматына ылайык, таш түшүрүү иши Боом капчыгайынын 129-чакырымында жүргүзүлөт.

Иштер, басма сөз кызматтан билдиришкендей, авто жол менен темир жолдун кооптуу бөлүгүн жабуудан башталат.

«Жумуштар КР ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин, күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат», — деп белгилешти мамлекеттик ишканадан.

Мындан тышкары, басма сөз кызматтан жолдо 40тан ашык унаа чогулуп калган учурда таш түшүрүү иштери убактылуу токтолулуп, унаалардын өтүүсүнө уруксат берилерин кошумчалашты.