Милиционерлер менен өспүрүм кыздардын чатагы. Окуянын чоо жайы

Бишкекте өспүрүм кыздардын тобу кармалды. Милиция кыздар кайырчылык кылып, кызматкерлердин талаптарына баш ийбей коюшканын айтууда. Кыздарды кармоо учурунун видеосу соцтармактарга чыкты.

Видеодон кайгуул кызматкери кыздардын бирин асфальтка жыгып жаткырганын көрүүгө болот. Ал арада башка кыздар кайгуулчудан бошонууга аракет кылышкан.

Окуя Бишкектин Чыңгыз Айтматов жана Абсамат Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал жерде жол чырак иштебегендиктен кайгуулчулар унаа кыймылын жөнгө салып жатышкан.

Ал учурда кайгуулчулардын айтымында, айдоочулар жолдун ортосунда кайырчылык кылып жүргөн кыздарды жолдон алууну суранышкан.

Басма сөз кызматтан кайгул кызматкерлери аларды жолдон чыгарууга аракет кылганда кыздар кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей, кызматкерлерди чаап-тээп жиберишкен деп билдиришти.

«Кызматкерлер бул жарандардын кыз бала экендигин эске алып, эч кандай күч колдонбостон, аягында баарын Октябрь райондук ИИБне жеткиришкен», — деп билдиришти Кайгуул милиция башкармалыгынан.

Басма сөз кызматтан учурда жаш кыздарды кайырчы кылып көчөгө чыгарып, акча чогултууга мажбур кылгандар да текшерилерин кошумчалашты.