Садыр Жапаров: Коопсуздук кеңешинде Аскердик доктринанын жаңы долбоору каралат

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңеш Кыргызстандын жаңы аскер доктринасынын долбоорун караштырарын билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров бул тууралуу 29-майда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө билдирген.

«Меймандостугу менен таанымал Кыргызстаныбыз өзүнүн аскердик саясатын өзүн-өзү коргоо жана коргонууга жөндөмдүүлүгүн арттыруу принциптеринин негизинде түзө турганын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн куралдуу күчтөрдү чыңдоо – эң башкы милдетибиз», — деди президент. Ал улуттук коопсуздук камсыздоо тармагындагы мамлекеттик саясатты кайра карап чыгуу керек деп эсептейт.

Президент жакын арада куралдуу күчтөрдүн ишин ар тараптуу камсыздоо, айрыкча, анын аскердик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча чечимдер кабыл алынарын кошумчалады.

Өлкө башчынын айтымында, учурда акчалай төлөмдөрдү, анын ичинде куралдуу күчтөрдүн жарандык кызмат адамдарынын эмгек акысын жогорулатуу боюнча дагы жаңы сунуштар каралууда.