Жалал-Абад: Темир заводдогу жарылуудан 7 адам жабыркады, үчөөнүн абалы оор

Сүрөт: ӨКМ

29-майда Жалал-Абад шаарындагы кыргыз-кытай темир заводунда жарылуу болуп, жети адам жабыркады. Алардын үчөө «оор» абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жалал-Абад ОИИБден билдиришкендей, 29-майда саат 15:00 чамасында заводдогу темир эритүүчү мештин ичиндеги темир белгисиз себептен жарылып кеткен.

Мештин жанында иштеп жаткан 7 жумушчу ар кандай жаракаттарды алып облустук ооруканага түшкөн. Төрт адам медициналык жардам алган соң үйлөрүнө кайткан — алардын экөө кытай жарандары. Ал эми үч киши жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган — үчөө тең кыргыз жарандары.

«Турмуш» басылмасы облустук оорукананын дарыгерлеринин айткандарына таянып, жандандыруу бөлүмүндө жаткандар денелеринен 90% күйүк алганын деп жазды.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБке катталып, териштирүү иштери башталды. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схема жана фото таблицалар түзүлдү. Ошондой эле соттук-медициналык жана өрттүк техникалык экспертизала дайындалды.

Кыргыз-кытай биргелешкен темирди кайра иштетүүчү заводунда 65 адам иштейт. Ага кытай инвестору 114 миллион сом инвестиция салган.