Материалдын түп нускасы Peshcom’дун сайтында жарык көргөн

Кыргызстанда Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенция үч жыл мурда ратификацияланган. Буга жергиликтүү активистердин көптөгөн аракеттери себепчи болгон. Конвенцияга ылайык, мүчө мамлекет майыптыгы бар адамдар үчүн тейлөө кызматтарын жана объектилерди жеткиликтүү кылып бериши керек. Биз эксперттер жана активисттер менен маектешип, акыркы үч жыл аралыгында бул жаатта кандай өзгөрүүлөр болгонун сурадык.

Былтыр өлкөдө бир нече шайлоо жолу өттү – кыргызстандыктар референдум үчүн добуш берди, андан соң өлкө башчысын шайлашты, кийин эл өкүлдөрү шайланып келди.

Гүлмира Казакунова 19 жашынан тартып майып арабада жүрөт. Ал 2021-жылы Бишкектин ичиндеги шайлоо участкалары майыптыгы бар адамдар үчүн канчалык ылайыкташканын иликтөөгө катышкан. Анын айтымында, пандустардын 90 пайызы талаптарга жооп бербейт.

Бишкектеги шайлоо участкаларынын бири: пандустун жантайышы нормадан бийик, экинчи тарапта кармагыч жок, темир жолчодон бардык эле араба өтө албайт / Фото: Peshcom

Мындан тышкары, шайлоо участкаларында угуусу начар жана дудук адамдар үчүн маалымат жок экени аныкталган. Жаңсоо тилинде түшүндүргөн жардамчылар да жок болуп чыккан.

Албетте, айрым талаптар аткарылган. Мисалы, көзүнүн көрүүсү начар адамдарга Брайль арибинде жазылган бюллетендер жана чоңойтуп көрсөткөн айнектер берилген.

Гүлмира Казакунова,

«Теңдик» майыптар бирикмесинин башчысы,

инклюзия маселелери боюнча серепчи

Жеткиликтүү мейкиндик жөнүндө сөз кылганда маселени майыптуулукка такап коюу туура эмес деп эсептейт Гүлмира Казакунова.

Мисалы, шайлоо тилкелериндеги пандустар талапка ылайык жасалса, аларды майыптыгы барлар гана эмес, бешик араба сүйрөгөн ата-энелер, кыймылы кыйындаган кары-картаңдар да пайдаланмак.

«Учурда жаңы курулуп жаткан имараттар көп, курулуштун долбоору даярдалып жатканда эле универсалдуу дизайндын талаптарын кармануу керек. Жакшы бир мисал – супермаркеттеги эшиктер. Тоскоолдуктар жок, эшиктери кенен, оңой ачылат, ар бир адам жеңил өтүп кетет», — дейт Гүлмира.

«Универсалдуу дизайн» — бул бардык адамдарга ылайыкташкан, атайын даярдыкты же адаптацияны талап кылбаган буюмдардын, программалардын жана тейлөө кызматтарынын дизайны.

Конвенция ишке ашырылып жатабы?

Министрлер кабинетинин алдындагы Майыптардын иштери боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаковдун айтымында, Конвенцияга кол коюлгандан бери аны ишке ашыруу боюнча план кабыл алына элек.

Толкунбек Исаков,

«Майыптыгы бар адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү» фондунун президенти

«Пландын долбоору бар эле, бирок ал бекитиле элек. Алгач, долбоорду ишке ашыруу 2020-жылга пландалган, анан аны 2021-жылга жылдырышты, бирок дагы деле эч нерсе жасала элек», — дейт Толкунбек Исаков.

Анын айтымында, конвенцияны ратификациялангандан кийин, Кыргызстан эки жыл ичинде жасалган иштер тууралуу улуттук отчёт бериши керек эле. Азырынча баштапкы гана баяндама бар, аны менен Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин сайтынан таанышса болот.

Баяндаманы БУУнун майыптар укугу боюнча комитети карап чыгып, сунуштарды берет. Комитет баяндаманы канааттандыраарлык эмес деп тапса, бул өлкөнүн аброюна гана эмес, башка келишимдерге да таасирин тийгизет.

Конвенциянын бардык талаптарын аткаруу үчүн, бийликтин баамында 10 жыл керек. Мына ушул мөөнөткө республикалык бюджеттен үч жыл мурун 6,6 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүү каралган.

Конвенцияны ишке ашыруу үчүн 2020-жылы министрлер кабинетинин алдында Майыптар иши боюнча кеңеш түзүлгөн. Ал кезде вице-премьер-министр болуп турган Элвира Сурабалдиева жыйындарга катышып, колдоо көрсөтүп келген.

«Сурабалдиева отставкага кеткенден кийин, бул маселени ишке ашыруу эч кимге кереги жок экенин түшүндүк. Аткаминерлер келет, кетет, алардын иш-аракетинде ырааттуулук жок», — дейт Толкунбек Исаков.

Мындан тышкары, конвенцияны аткаруу үчүн 2021-2040-жылдарга карата «Жеткиликтүү өлкө» программасы иштелип чыккан. Ал дене мүчөсүнүн мүмкүнчүлүгү чектелгендерди гана эмес, башка көптөгөн тармактарды камтыйт. Бирок, эки жылдан бери «Жеткиликтүү өлкөнүн» дымы чыкпайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, «Жеткиликтүү өлкө» программасы баштапкы планга ылайык ишке ашпай жатканына каржылоонун жоктугу себеп болууда. Бирок, каражат республикалык бюджетке эбак киргизилиши керек болчу.

Дастан Бекешев

«Кыргызстандагы дүлөйлөр жана көзү азиз адамдар коомунун» мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты

«Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эсептөөлөрү боюнча программаны ишке ашырууга 30 млрд сом керектелет, бул өтө таңгалыштуу. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына көз жүгүртсөк, Орусия, мисалы эки миллиард рублден баштаган. Биз деле 50 миллион сомдон баштасак, 2022-жылга карата ишибиз ылдамыраак жүрмөк», — дейт депутат.

Жакшы кабар барбы?

Аскар Турдугулов соцтармакта блог алып барат. Ал Оскар Райс деген ат менен белгилүү. Адатта анын жазгандары резонанстуу. Мисалы, 2021-жылдын декабрь айында мамлекеттик күзөт кызматкерлери Оскарды майып адамдар унаасын токтотуучу атайын жайга киргизбей коюшкан. Себебин Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова күтүлүп жатканы менен түшүндүрүшкөн. Оскар Райс бул тууралуу Фейсбукка жазгандан кийин судья кечирим сурап, күзөттөн баш тартууну чечкен.

Оскар Райс

Акыйкатчынын майып адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси

Оскардын блогунда жалаң гана сын пикир жазылбастан, Бишкектеги өзгөрүүлөр тууралуу да жакшы маалыматтарды жарыяланып турат.

Кызыл Жарым Ай коому, 2ГИС картографиялык сервиси жана ЕККУнун (ОБСЕ) Бишкектеги кеңсесии биргелешип «Жеткиликтүүлүк картасын» иштеп чыккан.

Ыктыярчылар Бишкектеги 3 миңден ашуун жайдын жеткиликтүүлүк шартын текшерип чыккан. Маалыматтын баары 2ГИС базасына киргизилген. Эми «Майып адамдар үчүн жеткиликтүү» деген фирльтр аркылуу тандалган мекемеде пандустун бар-жогун билсе болот.

Бишкектин мурдагы вице-мэри, Биринчи май районунун азыркы акими Максатбек Сазыкуловдун айтымында, мэрия майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл бура баштады.

Максатбек Сазыкулов / Фото: Бишкек мэриясы

«Бул жылы шаардын борборундагы 10 миң чарчы метр тротуарды оңдоону максат кылдык. Белгиленген аймактарга тийешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, майыптар жана башка шаар тургундары, мисалы велосипед айдагандар, бешик арабачан ата-энелер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт», — дейт мурдагы вице-мэр.

Сазыкуловдун айтымында, мэрия 500-600 автобус сатып алат, алардын баары жапыз жана араба менен жүргөн майыптар үчүн ыңгайлуу болот. Ал эми айдоочулар аларга автобуска кирүүгө жана түшүүгө жардам беришет.

Кандай кылса туура болот?

Bridges Bishkek мейманканасы майып адамдар үчүн абдан ыңгайлуу. Отелдин директору Мирбек Асангариевдин пикиринде, имараттын курулушун баштаганда эле майып адамдар үчүн шарттарды эске алса, келечекте ага өзгөртүү киргизүү үчүн кошумча чыгым сарпталбайт.

Мирбек Асангариев,

Социалдык ишкерлер ассоциациясынын төрагасы

Мирбек бизнестин көп түрү майып адамдардын керектөөлөрүнө көңүл кош карай турганын байкасак болот деп белгилейт. Майыптыгы бар адамдар тескерисинче кардар катары киреше алып келмек деп эсептейт ал.

«Биз инклюзивдүү чөйрө куруу үчүн кошумча чыгым болгон жокпуз. Адистерге техникалык тапшырма даярдап жатканда эле баарын алдын ала эсептеп, пландаштырып чыктык. Көп нерсе буйрутма берген кишиден жана адистердин маалымдуулугунан көз каранды», — дейт ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев

«Азиз адамдар үчүн шаар ичинде жүрүүгө жардам берүүчү көптөгөн тиркемелер бар. Коомдук унаа, дарыкана жана башка жайларда астанага чакан электрондук белгилер орнотулат. Телефонго тиркеме жүктөлөт. Белги орнотулган жердин жанына келгенде тиркеме атайын добуш берип, адам кире беришти оңой таба алат.

Каржылык жактан алганда, мындайга көп деле акчанын кереги жок. Ал үчүн мыйзам базасын түзүп, жеке жана мамлекеттик мекемелерге ошондой белгини орнотууну милдеттендирүү керек».

Коомдук унаага орнотулатурган электрондук белгилердин үлгүсү. Алар азиз адамдарга гана эмес, шаарга келген меймандарга да пайдалуу болот. Мындай белгилерди аялдамаларга, көрүнүктүү жерлерге, дүкөн жана социалдык объектилерге орнотуп, ар бирине мүнөздөмө жазып, смартфон аркылуу угузса болот. Булак: http://social-tech.ru

Кандай кылса туура эмес?

Гүлмира Казакунова, инклюзия маселелери боюнча серепчи

«Тепкичтердин үстүнө орнотулган темир жолдор майып арабалар үчүн жараксыз. Аларды орнотуп жаткандар арабанын алдыңкы дөнгөлөктөрү бир аз кууш келерин эске албайт. Мындай жерлер майыптар үчүн жеткиликсиз, ал эми башка адамдар үчүн кооптуу, себеби ал темир жолго чалынып, жыгылышы мүмкүн».

Аламүдүн базарынын жанындагы жер астындагы жолдогу темир тилке/Фото: Peshcom

Пандус же башка жабдууларды орнотуудан мурда, курулуш пландалып жатканда адистерди жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды чакырып, алардан ыңгайлуу вариантты билип алуу керек.

Оскар Райс, активист, блогер

«Башка өлкөлөрдө жолду көтөрүү керек болсо, салмактуу жол жасап, арабачан адамга тоскоол болбогондой кылышат. [Коммерциялык объектилер үчүн] ири өлчөмдөгү айып киргизүү керек, керек болсо, талапка жооп бербесе, мамлекеттик система объектилер тийиштүү талаптарга жооп бергидей курулмайынча маалымкат бербей турса болот», — дейт Оскар.

ЦУМдун чыгыш тарабындагы пандус, 20 градуска эңкейип турат (нормадан жогору), кире беришке алып барбайт/Фото: Peshcom

Оскардын айтымында, ГУМ менен ЦУМда пандустар орнотулганы менен бири да талапка жооп бербейт – баары курулуш нормаларын жана эрежелерин (КНжЭ) бузуу менен жасалган.

КНжЭ боюнча пандустун эңкейиши 5 градустан 10 градуска чейин болушу керек. Сөзсүз түрдө кармоочтор жана муз тоңгондо тайгаланбай турган тордон жасалган негиз болушу талап. Ар бир алты метрден кийин эс алууга мүмкүнчүлүк берген тегиз аянтча болушу шарт.

Курулган пандустар нормага туура келер-келбесин же алар кандай болушу керектигин текшерүү үчүн онлайн калькулятор менен пайдаланыңыз.

ЦУМдун негизги кире бериши/Фото: Peshcom

«Эки тепкичтин ордуна кыска пандус орнотууга болбойт».

Талаптарга жооп берген жалгыз пандус ЦУМ-2/Фото: Peshcom

Имараттын кире беришинде тоскоолсуз жай болушу керек, же нормаларга жооп берген пандус орнотулушу талап. Кире бериш да ыңгайлуу болушу керек. Мисалы, кыргызстандык курулуш нормаларынын регламентинде кандай каалгаларды койсо болот, кандай болбойт деген талаптары жазылган.

Айланма каалга же эки тарапка тең ачыла турган каалгаларды орнотууга болбойт, алар кысып калышы мүмкүн. Кармагычын коё бергенде автоматтык түрдө жабылып калган каалгаларды да пайдаланууга болбойт. Кире бериштин туурасы 90 сантиметрден кем болбошу керек.

ГУМ жана ЦУМ соода борборлорун карап чыгып, кире бериштердин көбү нормага туура келбегенин байкадык.

Бул жерден жеткиликтүү чөйрөнүн эрежелери менен таанышып, документтерди жүктөсө болот.

Матералды автору: Юлия Хижнякова.

Редакторлору: Рада Валентина кызы, Алексей Журавлёв