Азия кубогу-2023: Сингапурдун футболчусу бир гол киргизип оюн эсебин ачты

Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Азия кубогунун алкагында өтүп жаткан беттеште Сингапурдун футбол боюнча улуттук курамасы оюн эсебин ачты.

Экинчи таймдын 54ү мүнөтүндө Тамирлан Козубаев топко жетпей калып, ал эми дарбазачы Эржан Токотаев топту тосо албай калгандыктан Сонг Уй-янг Кыргызстандын дарбазасына бир гол киргизди.

Кыргызстан курама командасы 14-июнга чейин Азия кубогу-2023 оюндарынын тандап алуу турунунун алкагында үч беттеш өткөрөт. «Ак Шумкар» 8-июнда Сингапур, 11-июнда Мьянма жана 14-июнда Тажикстандын курама командалары менен күч сынайт. Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда, саат 21:00дө башталат.

2023-жылдагы Азия кубогуна 24 курама катышат. Алардын 13ү белгилүү болду. Кыргызстандын футболчулары калган 11 жолдомонун бирин алганга аракет кылышат.

Тандоо оюндарында жалпы алты тайпа бар. 11 жолдомону дал ушул топтун жеңүүчүлөрү, башкача айтканда, биринчи орунду алган жана статистикада мыкты оюн көрсөткөн командалар алат. Андыктан Кыргызстандын курамасы биринчи же экинчи орунду камсыздашы керек.

Бирок ошондой болгон учурда деле кыргыз курамасы Азия кубогунда ойнойт деген кепилдик жок. Себеби башка тайпаларда алдыга чыккан командалардын жалпы упайы жогору болуп калышы ыктымал.

Азия кубогу 2023-жылдын 16-июнунан 16-июлуна чейин Кытайда өтүшү керек эле, бирок өлкө бийлиги коронавирустан улам турнирди өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча турнир кайсыл өлкөдө өтөрү белгисиз.

Азия кубогу 18-ирет өтүп жатат. Аны Азиянын футбол конфедерациясы өткөрөт.