Түз эфир: Кыргызстан менен Сингапурдун футбол курамаларынын беттеши башталды

Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков стадионунда 2023-жылдагы Азия кубогунун тандоо этабынын алкагында Кыргызстан менен Сингапурдун футбол боюнча улуттук курамаларынын беттеши башталды.

Кыргызстандык футболчуларды колдоп стадионго президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да барды.

Оюнду Kyrgyz sport tv телеканалы түз эфирде берип жатат. Андан сырткары футболду эски аянтта чоң экрандан көрүүгө болот.

Ушул эле күнү саат 16:00дө Тажикстан менен Мьянманын командалары күч сынашты. Жыйынтыгында тажик футболчулары 4:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Кыргызстандын футбол боюнча башкы тренери Александр Крестинин жана улуттук кураманын капитаны Валерий Кичин 7-июнда маалымат жыйын курушкан. Алар футболчулардын Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдыгын «жакшы» деп баалашкан.

Акыркы жылдары улуттук кураманын курамы олуттуу өзгөрдү. Мурдагы фуболчуларды жаш спортчулар алмаштырды.

Азия кубогу-2023

Кыргызстан курама командасы 14-июнга чейин Азия кубогу-2023 оюндарынын тандап алуу турунунун алкагында үч беттеш өткөрөт. «Ак Шумкар» 8-июнда Сингапур, 11-июнда Мьянма жана 14-июнда Тажикстандын курама командалары менен күч сынайт. Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда, саат 21:00дө башталат.

2023-жылдагы Азия кубогуна 24 курама катышат. Алардын 13ү белгилүү болду. Кыргызстандын футболчулары калган 11 жолдомонун бирин алганга аракет кылышат.

Тандоо оюндарында жалпы алты тайпа бар. 11 жолдомону дал ушул топтун жеңүүчүлөрү, башкача айтканда, биринчи орунду алган жана статистикада мыкты оюн көрсөткөн командалар алат. Андыктан Кыргызстандын курамасы биринчи же экинчи орунду камсыздашы керек.

Бирок ошондой болгон учурда деле кыргыз курамасы Азия кубогунда ойнойт деген кепилдик жок. Себеби башка тайпаларда алдыга чыккан командалардын жалпы упайы жогору болуп калышы ыктымал.

Азия кубогу 2023-жылдын 16-июнунан 16-июлуна чейин Кытайда өтүшү керек эле, бирок өлкө бийлиги коронавирустан улам турнирди өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча турнир кайсыл өлкөдө өтөрү белгисиз.

Азия кубогу 18-ирет өтүп жатат. Аны Азиянын футбол конфедерациясы өткөрөт.