Жогорку Кеңеште балдар эс алуучу жайларында көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлду

Сүрөт: Интернеттен алынды
Сүрөт: Интернеттен алынды

Жогорку Кеңеште 8-июнда «Ала-Тоо» аквапаркында чөгүп каза болгон 9 жаштагы баланын өлүмүнөн кийин балдар эс алуучу жайларда коопсуздук чараларын менчигинин түрүнө карабай күчөтүү талабы коюлду.

Депутат Нурлан Шакиев мындай кырсык кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албастыгын белгилеп, балдардын коопсуздугуна кайдыгер карабоого чакырды.

«Тийешелүү мамлекеттик органдарга, шаар бийлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүтүндөй өлкө боюнча балдардын жайкы эс алуусунда ушундай кырсыктар кайталанбаш үчүн бардык эс алуу жайларын тегиз көзөмөлгө алыш керек», — деди эл өкүлү Нурланбек Шакиев

Мындан сырткары, парлементте бул окуя боюнча мектептерде каада көп болуп, бирок жоопкерчилик эч кимде жок болуп жатканы айтылды

«Аквапаркта чөгүп каза болгон баланын энеси “Эки саат баламды кучактап ыйлап отурдум, баары таштап кетип калды” деп жатат. Бул эмне деген жоопкерчиликсиздик. Кана мугалимдер? Ошол № 95 мектептин директору кайда? Алар жоопкерчиликтен качып жатканы көрүнүп турат. Бул маселени тыкыр көзөмөлгө алгыла. Эмне деген заман бул? 21-кылым зөөкүрлөрдүн заманы болуп жатат», — дейт депутат Камила Талиева

«Ала-Тоо» аквапаркында чөгүп каза болгон 9 жашар бала

6-июнда Бишкек шаарынын № 95 мектеп-гимназиясынын администрациясы окуучуларга «Ала-Тоо» аквапарктында эс алуу уюштуруп, бассейнге чөгүп 3-класстын окуучусу каза тапкан.

6-июнда Бишкектеги № 95 мектептин 3-классынын окуучусу Атай Аскат уулу «Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп кеткен. Окуучуларды бассейнге мугалими менен эки ата-эне коштоп барган. Бирок баланын чөгүп жатканын алгач эч ким байкаган эмес.

Куткаруучулар менен медайым балага жасалма деп алдыруу жасаган. Бирок окуучу ошол жерде жан берген.

Атайдын апасы Асел Азыкова уулу бир айдан кийин 10 жашка чыкмак деп сыздап отурган чагы. Ал мектепте эс алуу уюштурулганда «куткаруучулар болот» деп айтышкандыктан уулум ишенип жибергенин айтат.

Аял окуяга мектеп директорун жана аквапарктын жетекчилигин күнөөлүү деп, аларды жазага тартууну талап кылууда. Анын айтымында, ошол күнү эс алуу жайында 200-300 бала болгонуна карабастан коопсузук каралган эмес.

«Эки жарым жылдан бери чоң оорууга кабылгам. Дарыланчумун. Ушул балам эле мага дем берчү [...] Эми ким жооп берет? Эмне үчүн ошончо баланы ал жакка алып барышты. Бала суудан калкып чыгып калганча эмне кылышты алар айтыңыздарчы?!» — деп суроо салган ал.

Учурда Октябрь РИИБи бул окуя боюнча «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү» беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатат.