Прокуратура: Ошто бала бакча курууда 3 млн сомдон ашуун зыян келтирилген

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Араван районунда бала бакча курууда мамлекетке 3,2 млн сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган райондун Кайрагач-Арык айылына 60 орундуу бала бакча курулуп, ага 21,8 млн сомдон ашык каражат сарпталган. Курулуш иштери бүткөн соң объект кабыл алынып, пайдаланууга берилген.

Бирок прокуратурадан жалпы 3 208 377 сомдук курулуш материалдары жана иштер жогорулатылган баада аткарылганын билдиришти. Ошондой эле бир катар курулуш иштери иш жүзүндө аткарылбагандыгына карабастан облустук капиталдык курулуш башкармалыгы имаратты кабыл алганын белгилешти.

«Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын, Ош облустук архитектуралык-курулуштук контролдоо боюнча регионалдык башкармалыгынын жана “А.” ЖЧКсынын кызмат адамдарынын аракеттеринен улам мамлекетке жогоруда көрсөтүлгөн өлчөмдө материалдык зыян келтирилген», — деп билдиришти көзөмөл органынан.

Учурда аталган факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бала бакчалардын жетишсиздиги

Өлкөдө мамлекеттик бала бакчалар жетишсиз. Буга чейин «Клооптун» журналисттери Ош шаарындагы бакчалардын жарымынан көбү толуп калганын аныкташкан.

Мисалы, шаардагы «Мөл Булак» бакчасындагы жогорку тайпада 93 бала тарбияланары белгилүү болгон. Бул нормадан үч эсе ашат — мыйзам боюнча бир тайпада 30дан ашык баланы окутууга болбойт.

Ал эми баланы бакчага берүү үчүн узун кезекти күтүү керек. Айрым бакчаларда кезек 1500 балага чейин жеткен — бул кезек келгенге чейин бала мектепке барып калышы да мүмкүн.

Журналисттер кезекте турган балдарды батыруу үчүн 50 орундуу 70 бала бакча куруу зарыл экенин аныкташкан. Бирок Ошто 45 мамлекеттик бала бакча бар, ал эми 30 жыл ичинде шаар бийлиги 12 гана бакчаны куруп пайдаланууга берген.

КЕНЕНИРЭЭК ОКУҢУЗ:

Бир тайпада 93 бала. Ошто бала бакчалар толуп калганы менен маселе чечилбей келет