Садыр Жапаров кыргызстандыктарды туристтерге жогорку маданиятты көрсөтүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, ар бир туристке меймандостукту жана жогорку маданиятты көрсөтүүгө чакырды. Кайрылуусун президент Фейсбук барагында жазды.

Өлкө башчысы республикада туристтик сезон башталганын жана Кыргызстандын бардык аймактарына туристтердин агымы көбөйөрүн белгиледи. Жапаров ар кыл бодомолдорго таянуу менен 2022-жылы туристтердин «агымы өзгөчө жогору болору» күтүлүп жатканын кошумчалады.

«Туризм мамлекеттик казынаны толтуруунун олуттуу бир булагы боло алат. Бул мамлекетке эле эмес, туристтерге кызматын көрсөтүп ар кыл тармакта эмгектенген миңдеген мекендештерибиз үчүн да каржылык пайда алып келери айтпаса да түшүнүктүү», — деди Жапаров.

Президент «туристтердин ар бири өз өлкөсүнө кайтканда Кыргызстанды жакшы жагынан таанытабы-жокпу» кыргызстандыктардын аларга кылган мамилесинен көз каранды экенин белгиледи. Анын айтымында, эгер туристтер жакшы таасирде калса, анда алар кийинки жылдары дагы сөзсүз келишет.