Билим берүү министрлиги окуу жылын кайрадан 1-сентябрда баштоону караштырып жатат

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылын кайрадан 1-сентябрда баштоону караштырып жатат. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, министрликке ата-энелер менен мугалимдер окуу жылынын мурдагы графигин кайтарып берүүнү өтүнүп кайрылышкан. Нааразы болгондордун айтымында, жаңы график окуучуларды чарчатып айрымдары окууга келбей да калышкан.

Андан сырткары нааразычылык билдиргендер аба ырайы ысык болгондуктан окуучулар мектепке жеткенче кыйналып жатышканын айтышкан.

2021-жылдын август айында ошол учурдагы Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Кыргызстанда окуу жылынын башталышы туруктуу түрдө 15-сентябрга которулганын билдирген.

Министрликтен окуу жылынын жаңы графиги «коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал жана жарандардын эмделүүсүнө» жана «туристтик сезондун узарышына» байланыштуу кабыл алынганын айтышкан.

Анда минкабдын басма сөз кызматынан 24.kg басылмасына чечим коомдук-саясий абалга жараша бир нече жылдан кийин кайра каралып чыгылышы мүмкүн дешкен.

Жаңы кабыл алынган чечим боюнча 2021-жылы окуу жылы 15-сентябрда башталып, 2022-жылдын 8-июнунда аяктаган.