Майлуу-Суу шаарынын тургуну 55 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелип кармалды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын 44 жаштагы тургуну киши өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абал ОИИБдин маалымат катчысы билдирди.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 29-майга караган түнү болгон. Милицияга саат 07:30 чамасында 55 жаштагы кишинин бети-башы жарылган абалда сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары шаар тургуну кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү маркум менен ичип олтуруп бейбаштык өнөкөттө мушташып кетип, башына таш менен уруп жибергени аныкталган.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга камакка алынды.