Жалал-Абад: Эшик орноткон устанын жаагын сындыра урган мушкер үй камагына чыкты

Кылмышка шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

Жалал-Абад шаарындагы «Строймаркет» соода борборунда эркек кишини сабоого шектелип кармалган аралаш уруш боюнча мушкер Тилек Батыров үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 11-июнда Жалал-Абад ШИИБге 36 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган.

Анда арыз ээси «Строймаркет» соода борборунда ага бейтааныш киши эшик орнотуп берүүнү суранып, бирок баасы кымбат деп нааразы болгонун айткан. Андан кийин спортчу аны муштум менен бетине уруп, жаагын сындырып, өзү качып кеткени боюнча даттанган.

Окуя боюнча Жалал-Абад ШИИБи тарабынан «Денеге залал келтирүү» ылайык кылмыш иши козголуп экспертиза дайындалган.

Алдын ала алынган медициналык тактамага ылайык жабырлануучунун үстүңкү жаагы сынганы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 31 жаштагы Тилек Батыров Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну экендиги такталган. Шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, тергөөгө алынып келинген.

Бүгүн, 20-июнда кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык тергөө соту тарабынан каралып, үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган.

Деген менен жабырлануучуга татаал операция жасалып, учурда ооруканада жатканы боюнча Kaktus.media сайтына арыз ээсинин жакындары билдирди.

Анда мушкердин жакындары укук коргоо органдарынын ишине таасир этүүгө аракеттер жүрүп жатканы тууралуу айтылат.

«Анын көп жаракаты бар, ага татаал операция жасалды. Бул олуттуу зыян болгонуна карабай, эксперттер анын ден соолугуна анча оор эмес зыян келтирилген деген тыянак чыгарышты. Ал жей албайт, иче албайт. Бетинде сыныктар бар. Эмне анын зыяны анча деле оор эмеспи?», — дейт жакындары.

Ошондой эле жабырлануучунун жакындары аны кылмышкерден коргоп, аны жашырууга аргасыз болуп жатышканын кошумчалаган. Анын туугандары кылмышка шектүү жоопкерчиликтен кутулуп кетет деп чочулап жатышканын билдиришкен.