Кара-Балтада башы кесилген аялдын сөөгү табылды

Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде, дренаждын ичинен 47 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 21-июнда орган кызматкерлери күч колдонуп өлтүрүүнүн белгилери бар аялдын сөөгүн табышкан. Сөөктү кароо учурунда аялдын башы жок болуп чыккан.

Басма сөз кызматтан аталган факт «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгонун кошумчалашты. Тергөө жүрүп жатат.