Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров бийлик мыйзам долбоору аркылуу ууруларды мыйзамдаштырууга аракет кылып жатканын айтты.
«Легализация дегениңер ушул да, кайдан, кантип, канча уурдадың мындан ары сурабайбыз, “биз жетиштүү уурдап алдык, эми бизди мыйзамдаштырып койгула” дегендей. Эмне шашылыш болуп жатат, ушунчалык пакет менен кабыл алгыла деп? Эмне кыйнап атат силерди?», — деп суроо салды ал.
Бирок министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мыйзам долбоорунун максаты көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, салыктын көлөмүн көбөйтүү деп ишендирүүгө аракет кылды. Ошондой эле мүлкүн ачыктагандарга кылмыш иши козголбойт деп кепилдик берди.
«Биз иштеп чыккан мыйзамды башкы прокурор Курманкул Зулушевге берип, 4-5 ай Кыргызстандагы бардык бизнесмендерди чакырып, кепилдиктердин негизинде кийин укук коргоо органдары кылмыш ишин козгой албагандай кылып иштеп чыктык», — деп түшүндүрдү минкабдын төрагасы.
Анткен менен депутат Адахан Мадумаров Жапаровдун сөзүнө ишенген жок.
Ал мыйзам долбоорунун авторлорунун арасында да «уурдагандар» бар деп билдирди.
Жапаров Мадумаровдун сөзүн бөлүп, «буга чейин уурдаганы билингендердин баарына кылмыш иши козголуп, соттолуп атат, аларга мунун тиешеси жок» деп жооп берди.
Мадумаровдун мыйзам кабыл алынса «канча киреше түшөт деп пландап жатасыңар» деген суроосуна, Жапаров «киреше кирет деп ойлогон жерибиз жок, көмүскөдө жаткан экономиканы ачыкка чыгаралы деп жатабыз» деп жооп берди.
«Мындан ары декларациянын негизинде активдерден салык алалы деп атабыз. Байлар көбүрөөк, орто катмар бирдиктүү төлөшү керек, колунда жоктор төлөбөш керек. Активдерди легалдаштырабыз, кимдин активи көбүрөөк болсо ал көбүрөөк салык төлөй баштайт», — деди Жапаров.
«Бүтүн Кыргызстандын» лидер Акылбек Жапаровго кайрылып, «бул мызам баарыңарга керек болуп жатат, ошого макул болуп жатат да» деп айтты. Минкабдын төрагасы мыйзам «баарыңарга эмес, кыргыз элине керек» деп жооп узатты.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, Кыргызстанда үч ирет, 2008, 2008 жана 2013-2014-жылдары легалдаштыруу өнөктүгү өткөн. Мыйзамдын демилгечилери үстүбүздөгү жылдан 2023-жылга чейин төртүнчү ирет легалдаштыруу өнөктүгүн өткөрүүнү пландап жатат.
Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоорунун максаты көмүскө экономиканын көрсөткүчүн азайтуу болуп эсептелет. 22-июнда мыйзам долбоору парламенттин биринчи окуусунда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.