Орусия Украинага кол салгандан кийин кыргыз коомчулугунда дагы ажырым пайда болду. Сактоочу бейтарап позицияны кармануу аракетине канга сиңип калган Орусиядан көз карандылык, калктын бир бөлүгүнүн совет доорун самаган ностальгиясы, жана тарыхтын бороон-чапкындарынан күчтүүрөөк, чоңураак нерсенин артына жашынып коргоону каалоосу тоскоол болуп жатты. Андан тышкары, ушул тапта кыргызстандыктарды массалык түрдө айтылуу «орус» дүйнөсүнөн башка эч бир дүйнө кабыл албайт, ал эми өлкөнүн саясий маданияты барган сайын Орусияныкын эске салат. Акыр аягы мунун баары республиканын эгемендигине доо кетирип, аны көз карандысыздыкты кызганып, аңдып турган коңшулар менен курчалган Калининград өңдүү Орусиянын азиядагы эксклавына айлантышы мүмкүн.
Кыргызстан согуштан оолак болууга аракет кылган жок деп айтууга болбойт. Коңшу Казакстан сыяктуу эле бизде да унааларга чапталган Z тамгасы үчүн айып салып, майрамдарда аталган символиканы колдонууга тыюу салып жатышат. Казакстандагыдай эле 9-майда аскердик парад өткөн жок, бирок «Өлбөс полк» жүрүшүнө уруксат берди. Мында милиция Евразия экономикалык форуму өтүп жатканда Путиндин чокусунда украин желегин орнотуп кеткен орусиялык альпинисттерге боорукердик кылып, ал эми Маданият министрлиги Донбасстагы согуш тууралуу пропандалык тасмалар көрсөтүлүүчү Орусиянын «Время правды» кинофестивалына тыюу салды. Бул «Кыргызстандын бейтарап позиция» менен түшүндүрүлдү.
Бирок ошол эле кезде, 26-февраль күнү Кремль президент Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө «Донбасстагы жайкын тургундарды коргоого багытталган Орусиянын чечкиндүү аракеттерин колдой турганын» жар салганда, президенттик администрация жарытылуу сөз айтып төгүндөгөн жок. Орусиянын элчилигинин алдында эч кандай митинг, пикет өткөрүүгө болбойт, Украина темасында — андан бетер. Милиция Горький атындагы паркта Юнармиянын катышуусунда өткөн Орусияны колдоо митингине жолтоо жок, а бирок ошол эле жерде украиначыл иш-чаранын катышуучуларын кууп, айрымдарын кармашты. Анткен менен бул формалдык жактан жөн гана митинг эмес, эмнегедир соттор имараттын алдында митинг өткөрүүгө тыюу салып койгон Орусиянын элчилигин көздөй барчу жөө жүрүш болчу. Каза тапкан орусиялыктарды Кыргызстанда өлкөнүн ардактуу караулунун коштоосунда жерге берип, ошол эле учурда Украина тарабында согушуп жаткан кыргызстандыкка карата кылмыш иши козголду.
Бул окуялардын өзөгүндө, албетте, экономикалык жактан көз карандылык турат. Кыргызстан азыркы Орусияны башкарып жаткан корпоративдик Левиафандын идеалдуу өнөктөшү болуп чыга келди. Кыргыз жарандары Орусияда иштеп тапкан акчалар, көбүнесе ошол эле Орусияда өндүрүлгөн күйүүчү майды жана керектөөчү товарларды сатып алууга сарпталат. Ошол эле кезде, Кыргызстандын өзүнүн экономикасы өнүкпөйт.
Акыркы жыйырма жылда Кыргызстандын башкы экономикалык өнөктөшү ага кайырмак карматуунун ордуна, даяр балык берип келди. Орусиялык инвесторлор бул аралыкта Жерүйдөн башка экономикалык көз карандысыздыгынын пайдубалы боло алчу бир дагы чыныгы ири өнөр жай объектисин курган жок. Болбосо, далай макулдашуулар болгон.
Эгерде «Русгидро» менен «Интер РАО» убада кылган Жогорку-Нарын жана Камабар-Ата ГЭС каскаддарын куруп койгондо электр энергиясы өлкөнүн өзүнө да, экспортко да жетиштүү болмок. Бирок Москва ал долбоорлорду кечиктирип, ал эми 2015-жылы, «Крым» санкцияларынан кийин, аталган долбоорго каражат жок экенин мойнуна алган. Эгерде Кытай — Өзбекстан — Кыргызстан темир жолу курулганда, республика транзиттен акча таап турмак. Бирок талаш-тартыштардан улам, анын ичинде Москва тараптын жолдун кеңдигине карата дооматынан улам бүтпөй жатканына 20 жыл болду.
Чындап келсе, Орусия Кыргызстандын экологиялык жактан сапаттуу кыргыз айыл чарба продукциясын ооп-жыттап алып турушу керек. Анткени салыштыра келгенде, анын көлөмү анча көп эмес: орусиялык агрохолдингдер импорттон жапа чекпеши бештен белгилүү. Бирок Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон тартып өнөктөштөр аткезчилик боюнча айып тагып, фуралар кыргыз-казак чек арасында каз-катар тизилип калды.
А бирок бара-бара насыяларды кечип, жеңилдетилген шартта күйүүчү май жана курал-жаракты берүүдө Орусия шайдооттугун көрсөтүп келет. Бул өз кезегинде өлкөнү алдыга жылдырбайт бирок, кандайдыр бир деңгээлде колдоп турат. Баарынан да, Кыргызстандын Орусияга көз карандылыгын ансайын бекемдейт. Натыйжада Садыр Жапаровдун Кремлге карата мамилеси айрым орус аймактарынын башчыларынан дагы ысык болуп, айрым кесиптештери түсүн үйрүп жатканы бар.
Кептин баары, согуш жана санкциялардан улам пайда болгон Орусиядагы кризис аны менен болгон экономикалык ымаланын пайдасынан зыяны көп экенин далилдейт. Эгерде мигранттар мекенине акча жөнөтө албай калса, президент Жапаровду бийликке алып келген аянттагы адамдардын агымы кайра өзүнө каршы чыгышы мүмкүн. Бирок коңшу Казакстандагы январь окуяларынан кийин өлкө башчысы ЖККУнун жардамынан үмүт артып аткан болушу мүмкүн. Ал эми анын фамилиясы окшош өкмөт башчысы тымызын экономикалык альтернативаларды издөөнүн ордуна ишенимдүү түрдө «эгер Европанын терезеси жабылса, биз Азияга эшик ачканга даярбыз» деп төш кагууда.
Баса, кайсы Азияга? Санкциясы барбы-жокпу деп ашыкча баш оору кылбай, жадагалса Орусияга смартфон ташууну токтоткон Кытайгабы?
Акылбек Жапаровдун оозунан чыккан «биз» деген ат атооч символикалуу болду: Кыргызстан бийлик башындагылары орусиялык батышка каршы фронтко риторикалуу кошулган ЕАЭБдеги жападан-жалгыз өлкө болуп калды. Мындай билдирүүлөрдөн бай Казакстандын эле эмес, ИДПсынын үчтөн бири Орусиядагы акча которуулардан көз каранды Тажикстанда дагы, ал тургай инфраструктурасынын баары орус монополиясына таандык жакыр Армениянын биринчи адамдары дагы карманып турат.
Балким, президент менен премьер-министр Евразия биримдигинин «геосаясий уюл» катары кең келечегине чындап эле ишенеттир. Бирок чиновниктердин алды артын карабай, поезддин алдына түшүп чуркаганы Кыргызстанды Батыштын экинчи жолку санкциясына тушуктуруп, ал тургай мамлекеттүүлүктү кыйроого кептеши мүмкүн. Эгер эки Жапаровго Титаниктин тумшугундагы Ди Каприо менен Кейт Уинслеттин ролунда ыңгайлуу болуп жатса, анда калган өлкөгө кандай, жакшыбы-жокпу?
Чындыгында, бул башкы маселе. Руспубликанын катардагы жарандарынын согушка карата мамилесин изилдеген жыйынтыктар жок, бирок кыргызстандыктардын арасында Борбор Азия башка өлкөлөрүнө караганда Орусиянын тарабын жактагандар көптөй сезилет. Бул экономикалык жана орус ЖМКнын таасиринен эле эмес, саясий маданияттын жакындыгы менен дагы байланыштуу.
«Биз орус тили расмий тил болуп эсептелген өлкө экенибизге сыймыгыбыз чоң экенин айтышым керек, — деп билдирген өткөн жылдын күзүндө Акылбек Жапаров “Коммерсантка” курган маегинде. — Бизде балдарыбыз азыркыга чейин Есенин менен Пушкиндин тилинде сүйүүсүн айтышат. Биз 23-февралды сактап калдык. Өзүңөрдүн жылнаамаңарды карап көргүлөчү — ал силерде барбы же жокпу? Дагы кайсы жерде, бүгүнкү күнгө чейин 7-ноябрды майрамдашат?* Биз 8-мартты сактап калганбыз. 1-май бар, 9-май бар, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эстеликтери корголуп, тазаланып турат. Биз Советтер Союзу деп аталган убакта жашаганыбыз үчүн тагдырга ыраазыбыз. Бизде эч ким Лениндин айкели менен күрөшкөн жок. Тагыраагы, биз орустардын өздөрунө караганда көбүрөөк орус тилдүүбүз».
*Бул андай эмес: 7 жана 8-ноябрда Кыргызстанда тарых жана ата бабаларды эскерүү күнү белгиленет
Премьердин айткандары анчейин так эмес: бул жерде кеп орус тилдүүлүк жөнүндө эмес, советизация тууралуу болууда, анын деңгээли Кыргызстанда Борбор Азиянын башка аймактарына караганда жогору тургандай туюлат. Бул жакта сакалдуулардаОрусиядагыдай эле СССРди сагынуу күчтүү — ал сагынууну казактыкындай мунай бакубаттыгы, тажиктикиндей өзүнө сиңгип кирүү өзгөрткөн эмес. Ал эми орто жаштагылары Орусияны өлкөнүн экономикасы менен кошо жашоого болгон пландары да кыйрап калуудан чочулап, рационалдуу себептерден улам колдошот. Анткен пландары ансыз деле кыйрап жатат: жумуштарынан айрылып, кирешелери азайып, баалар кымбаттап жатат.
Ал арада Кыргызстандын ички саясаты орус саясатынын эң эле начар сапаттарын алуу менен өтө тез оңчул болуп баратат. Цензура күчөп, бийлик сын айткандарды ачыктан ачык коркутуп, оппозициячыл журналисттерди куугунтуктап, куудулдардын социалдык темадагы курч мыскыл-тамашаларын үзгүлтүккө учуратып жатат.
Бирок эң башкысы, азырынча бул өзгөрүүлөрдү Орусиядагыдай эле күчтүүнү идеал тутуп, кылмышка жабырлануучуну өзүн күнөөлөп көнгөн коом кабыл алууда. Мектепте сабалган окуучу кыздан чуулгандуу окуясы көрсөткөндөй: айлык менен мугалимдин эмгегинин баркын көтөрүүнүн ордуна педагогдорго зомбулук аркылуу кадырын көтөрүүгө шарт түзүп жатышат. Орусия дагы ушул тапта Украинада ушул тартиптип орнотууга аракет кылып жатат.
Материалдын автору: Виктор Мухин