Дастан Бекешев: Жапония Ош — Бишкек жолун өзгөчө кырдаалдан коргоого 7,5 млн доллар бөлөт

Жапон өкмөтү Бишкек — Ош жолун тайгак муздан жана кар көчкүдөн коргоо үчүн Кыргызстанга 7,5 млн доллар грант бөлөт. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграм-каналына жазды.

Депутат бөлүнгөн каражат жолдун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларына жакын аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоого жумшала турганын белгиледи.

Февралда президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы Ысык-Көл облусундагы айланма жол үчүн кредиттик келишимди ратификациялаган. Долбоор боюнча Балыкчы — Каракол — Балыкчы унаа жолунун Корумду айылынан Балбай айылына чейинки бөлүгү реконструкцияланышы керек эле. Долбоордун жалпы суммасы 28,9 млн долларды түзгөн.

Жапаровдун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоор Ысык-Көлдүн курорттук аймагы менен башка облустардын жана ошондой эле Казакстан менен Кытайды байланыштырган жолдорду жакшыртат. Мындан тышкары, Ысык-Көл шакегин Казакстан жана Орусиянын жолдору менен байланыштыруу пландалууда.