Мэрия Шүкүров көчөсүн кеңейтүү үчүн тосмолорду алат, жашоочулар буга каршы

Бишкектеги Шүкүров атындагы көчөдөгү 71 үйдүн тосмосы алынат. Аталган көчөдө жол реконструкцияланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэрия шаардыктар Шүкүров көчөсүндөгү муцинипалдык аймакка өтүп кеткен тосмолорду өз ыктыярлары менен ала баштаганын айтууда.

«Мындан 2 жыл мурун муниципалдык аймактын чегинен чыгып кеткен үй ээлерине муниципалитет түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Тилекке каршы, эскертүүлөр аткарылган эмес», — деп билдиришти мэриядан.

Инспекция үй ээлерине муниципалдык жер тилкелердеги тосмолорду өз эрки менен бузууга 5 күн убакыт берген. Инспекция ошондой эле баш ийбеген үй ээлеринин тосмолору муниципалитет тарабынан демонтаждаларын билдирген. Учурда 71 тосмо алынууга тийиш.

Көчөнүн жашоочулары эмне дейт?

30-майда Шүкүрөв көчөсүнүн тургундары президент Садыр Жапаровго кат менен кайрылышкан. Катта үч жылдан бери мүлктөрүн көчүрүп салуу коркунучунда жашап жатканын айтышкан.

«Кандай гана мыйзам болбосун, өзгөртсө болот, бизди коркутуп, кууп, басым кылгандын ордуна диалогго келүүнү суранабыз. Азыр жалпы дүйнөлүк кризис болуп жатат, коронавирус пандемиясынан кийин көпчүлүк тургундардын короолорун жана башка курулуштарын сүрдүрүп, кайрадан курууга каражаттары жок», — деп айтылат тургундардын кайрылуусунда.

Ошондой эле, көчөнү тосмолорду алдырбай эле реконструкция кылса болорун көрсөтүшкөн. Жашоочулардын айтымында, көчөнүн туурасы 23 метр, кызыл чийинден чыкканын эске алганда 17-18 метр. Ал эми жолду реконструкциялоого 13,5 метр керек.

«Бир жер салыгын төлөп келебиз, анын ичинде муниципалитеттин жери үчүн да төлөйбүз — мейли анчалык көп сумма болбосун, бирок мэриянын бюджети үчүн ар бир сом маанилүү. Биздин көчө экинчи пландагы жолдорго кирет, болгону бир километрге созулат жана аягы туюк (Скрябин көчөсүндөгү канал). Бишкек шаары үчүн эч кандай стратегиялык маанилүүлүгү жок», — деп айтылат президентке жолдонгон кайрылууда.

«Күндеми» маалымат агенттиги кварталдык комитеттин төрагасынын орун басары Валерия Мунга таянып, тургундар айып пул төлөөгө же социалдык маанилүү объектилерди, мисалы балдар оюн аянтчасын куруп берүү менен шаарга келтирилген зыянды төлөп берүүгө, даяр экенин жазды. Алар президент менен башкы прокурордон болуп жаткан окуяларга көңүл бурууну, Шүкүров көчөсүн реконструкциялоо долбоорун алардын кызыкчылыгын эске алуу менен карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранышкан.

Автор: Жаркынай Женалиева