«МедиаХаб»: Акылбек Жапаров Айкөл шаарчасынын тургундарына берген убадасын качан аткарат?

Сүрөт: Айкөл шаарчасы/MediaHub

«МедиаХабдын» иликтөөчү журналисттери Бишкектин түштүк-чыгыш тарабындагы трансформацияланган 28 гектар сугат жер боюнча репортаж жарыялашты. Анда тургундар трансформациялаган тарап аталган шаарчанын инфраструктурасын жакшыртабыз деген убадасын аткарбай жатканын айтып даттанышты.

Буга чейин «Политклиника» басылмасы иликтөө жарыялап, анда аталган жерге Акылбек Жапаровдун апасы жана кайнежеси ээлик кылаары белгилүү болгон. Алар жерди үлүш ээлеринен сатып алганы айтылган.

Сүрөт: Акылбек Жапаровдун жакындары/ПолитКлиника

«МедиаХабдын» журналисттери «Кадастрга» кайрылып, 28 гектар жер мурда «Достук» колхозуна таандык болгонун аныкташты. 1996-жылы агрардык реформа учурунда жер Көк-Жар айыл аймагында жашаган жашоочуларга үлүш багытында берилген.

Ал эми 2009-жылы эки аял сатып алган жер сугат категориясынан «Калктуу конуш жери» категориясына трансформацияланган. Ага ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудинов кол койгон — ал учурда Жапаров экономика министри болуп турган.

Иликтөөчү журналисттер бул жерге минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров өзү ээлик кылат деп божомолдошту — анткени алар Жапаровдун жакындарынын башка чоң бизнестерин таба алышкан жок. Адатта аткаминерлер байлыктарын жаап-жашыруу үчүн мүлктөрүн жакындарына каттатып коюшат.

Тургундардын арызы

Кийинчерээк бул жерлерди Жапаровдун жакындары күйөө баласы Эльдар Алишеров аркылуу башка тургундарга сатышкан. Жер «Айкөл» шаарчасына айланган.

Жер участокторун которуу боюнча мыйзамдын 5-беренесине ылайык, конуштун инфратүзүмүн жакшыртуу трансформацияланган менчиктин ээсине жүктөлөт.

Тургундар Жапаровдун жакындары инфратүзүмдү жакшыртууну убадалап, бирок көңүл бурбай келе жатышканын белгилешти. Мындан улам алар суу жана жол маселесин өздөрү чечүүгө аракет кылып жатышканын айтышты.

«Биз бул жака көчүп келгенде электр линиялары тартылыптыр. Келишимде жол, суу, светти камсыздап беребиз деген убадасы бар экен. Бирок биз келгенде жол жок болчу. Жашоочулар өзүбүз аракет кылып жол кылдык [...] Сууну дагы чыгарып берибей коюшкандыктан, биз артынан кууп жүрүп чыгартканбыз», — деди тургун.

Сүрөт: Айкөл шаарчасынын башкы планы/ПолитКлиника

Ошондой эле тургундар аймакта бала бакча, мектеп, оорукана жок экенин айтышты.

«Айкөл» конушунун башкы планында 300дөн ашуун участок бар. Анда 3 балдар ойноочу аянтча, бир бала бакча жана спорт аянтчасы курулуш керек деп көрсөтүлгөн. Жерди саткадар мунун баарын куруп беребиз деп убадалашкан, бирок ушул күнгө чейин бир гана балдар аянтчасы курулган.

Мындан сырткары тургундар буга чейин өзүн Жапаровдун жардамчысымын деп тааныштырган Нурсултан Сайпидинов аттуу жигит ар бир үйдөн акча чогулткан. Андан бери 4 жыл өткөнү менен учурда өзүнөн да, суусунан да дайын жок.

«Ал бала ар бир үйдөн 500, 1 000 кийин 1 500 доллардан акча алган болчу. Баардыгы 40-50 миң доллар алып туруп, аягында качып кеткен. Анан биз 2 жыл мурун арыз жазып, кармаганбыз. Нурсултан бизге 10 миң долларга бүтүрүп беремин деп ишеним кат жазып берген. Биз бул баланы дагы издетип жатабыз», — дейт тургун.

Дагы бир тургундун айтымында, «Көк-Жар-Суу» ЖЧКсы жашоочулар менен суу чыгарып берүү үчүн келишим, акт түзүшкөн. Бирок ал убада ошол боюнча аткарылбай калган.

«”Көк-Жар-Суу” деген баарын баштаган. Анын директору Улан деген болгон. Нурсултан болсо жөн эле элди алдап акча чогултуп кеткен. Биз акыркы жолу чалсак “шефим менен сүйлөштүм. Акылбек Жапаров акимдерди жиберген. Мен сүйлөшүп койдум, силер кат жүзүндө кайрылгыла» деди. Биз 4-5 күндөн бери Аламүдүн милиция бөлүмүнө арыз жазып, кайрылып жатабыз, — деди тургун.

Ал эми аталган конуштун инфраструктурасы эмне себептен толук аткарылган жок деген суроо менен журналисттер министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылышкан.

«Акылбек Жапаровго суроолор көп. Жерди кимден сатып алышкан? Трансформация кантип өткөн? Эмнеге убада кылынган жолдор, балдар аянтчалар, бала бакча жана башка инфраструктуралар салынган жок? Өкмөт башчыбыз убадаларын бир конуштун масштабында аткара албаса, анын “Кыргызстанды өнүктүрөм, гүлдөтөм” деген сөзүнө ишенсе болобу?», — деп суроо калтырган журналист.

«ПолитКлиниканын» басылмасынын журналисттери «Коррупциянын вакцинасы»: Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновдун шектүү иштери», аталышындагы иликтөө чыгарган.

Иликтөөдө журналисттер аты аталган аткаминердин туугандары айыл-чарба багытындагы жерлерин жаңы конуш категориясына трансформация кылып алышканын, бул схемаларда Жапаровдун туугандарына мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов жардам бергенин аныктап чыгышкан.

Анда Игорь Чудинов бул жер тилкелерин гана трансформациялап тим болбостон, кесиптешинин туугандарынын кызыкчылыгында дагы бир канча буйруктарга кол койгонун ачыкташкан.