«Сизге мыйзамды түшүндүрүп бергидей сиз кимсиз?» Айрым депутаттар Мадумаровду сынга алышты

Нурбек Сыдыгалиев, Адахан Мадумаров жана Медер Алиев.

Жогорку Кеңештин 29-жыйынында бир нече депутат «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду сынга алды. Буга Мадумаровдун мыйзам долбооруна добуш бербей, мыйзам тууралуу түшүндүрмө берүүнү талап кылганы себеп болду.

Отурумда «Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө коюлду. Бирок үч депутат добуш берген жок. Мадумаров эмне болгон мыйзамга добуш берилип жатканы түшүнүксүз болуп жатканын айтып чыкты.

«Жок дегенде комитеттин корутундусун окутуп койбойсуңарбы. Мына депутаттардын баары “Кайсы мызамга добуш берип жатабыз” деп бири-биринен сурап атат. “Ай, койчу эми, кете берсин” деп эле добуш кетип жатат. Мыйзам кабыл алууну оюнчукка айландырып алдык», — деп нааразы болду Мадумаров.

Ага Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинин төрагасы, депутат Медер Алиев жооп берип, Мадумаровду «баарын жакшы билип туруп, шоу кылып жатат» деп сындады.

«Регламент боюнча буга чейин мыйзам комитетте каралат, бул жерге келет [...] Бирок Адахан Кимсанбаевич ушуну билип туруп, элге жагынайын деп “бул жерде бардыгы акылсыздар отурат, жалгыз сабатуу болгонуңуз” өкүндүрбөй койбойт да. Эми муну беш колуңуздай билесиз, айланып кетейин. Уят да эми. Билип туруп эмнеге “артист” болуп атасыз. Популизмдин дагы чеги болуш керек да», — деди ал.

Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев аталган мыйзам долбоору парламенттин 23-июндагы жыйында каралганын белгилеп, анда Мадумаров «түшкө чейин отуруп» кетип калганын айтты.

«Анан бул жакка чыгып ар кайсыны айта берсе эле ушунун сөзү туура боло береби? Бул жерде биринчи класстын окуучулары отурган жок да. Баары билет да кайсыл мыйзамга добуш берип жатканын. Жакшылап көрүп алыңыз. Токтотпойсузбу ушунуңузду! Сиз кимсиз сизге мыйзамды түшүндүрүп бергидей?» — деп өктөм үнү суроо берди депутат.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга «бири-бирибизди сыйлаганды үйрөнөлү» деп кайрылды. Ал дагы Мадумаровго «мындай кылганыңызды токтотуңуз» деп эскертүү берди.

«Туура ар бир депутаттын укугун сыйлап атабыз, микрофон берип атабыз. Бирок бул жакка жөнөкөй эле буга чейин талкууланган маселе боюнча чыгып туруп, азыр айтылбайт дегени туура эмес да. Регламент турат. Жөнөкөй эле нерсени сиз түшүнүшүңүз керек Адахан Кимсанбаевич», — деди Мамытов.