Бишкектен «Манас» аэропортуна күнү-түнү жүрүүчү «Go bus» экспресс каттамы ачылды

Бишкектен «Манас» эл аралык аэропортуна күнү-түнү каттай турган «Go bus» экспресс каттамы ишке кирди. Долбоор Кыргызстандагы туризмди колдоо фонду тарабынан ишке ашырылды.

Фонддон кичи автобустар 30-июндан тартып ар жарым саат сайын күнү-түнү жүрөрүн маалымдашты.

Жол кире 150 сом. Кичи автобустар түштүк микрорайондордон чыгып борбордук көчөлөр аркылуу аэропортко чейин барат:

  • «Томми Молл» соода борбору (Түштүк магистраль, Жаннат отелинин жанында);
  • Орто сай базарындагы аялдама (Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилиши);
  • Медициналык академиянын жанындагы аялдама (Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши);
  • «ВЕФА» соода борбору (Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилиши);
  • «Ала-Тоо» кинотеатры (Чүй проспекти менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиши);
  • Филармония (Чүй жана Манас проспектинин кесилиши);
  • шлагбаум (Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилиши);
  • аэропорт «Манас».

«Эгер кичи автобуста бош орун калбаса, кийинкисин күтүңүз, ал 30 мүнөттөн кийин келет. Кандай болгон күндө да, авиарейске катталууга кете турган убакытты эске алып, үйдөн эртерээк чыгыңыз», — деп «Клоопко» фонддун маркетинг жана PR боюнча башкаруучу директору Марс Черикчиев билдирди.

Анын айтымында, жакында кичи автобустардын каттамын карап, онлайн орун алуу боюнча сайт жана мобилдик колдонмо ишке киргизилет. Ошондой эле, ал транспорт кечигип же дагы башка дооматтар болсо төмөнкү номерлерге чалууну сунуштады: 0312 59 27 01 же 0709 34 07 98

Кийинчерээк «Go bus» бренди менен Бишкек-Каракол багытындагы ири обустарды жүргүзүү пландалууда. Күнүнө бир нече унаа каттайт.

Буга чейин «Манас» аэропортуна «Дас-Транс» ЖЧКсы менен биргеликте чыккан «Аэроэкспресс» кичи автобустары менен барып келсе болот болчу. «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан «Клоопко» алар каттабай калганын айтышты.

Ошентсе да, басма сөз кызматы белгилегендей, аэропорттон Бишкекке такси менен же аэропорттон жол тосуп, кадимки маршрутка менен деле жетип алса болот.

Материалдын автору: Бегимай Ырыскулова.