Сүрөт: Нарында эл аралык шырдак фестивалы өттү

28-29-июнь күндөрү Нарында облусунда «Кыргыз Шардагы XII» эл аралык фестивалы өттү. Бул тууралуу Нарын мэриясынын басма-сөз кызматы маалымдады.

«Алма бак» сейил багында республиканын аймактарынан келген жүздөн ашуун чебер-уздар, зергерлер жана кол өнөрчүлөр чогулуп, кол эмгегинен жаралган буюмдарды элдин назарына коюп, акчалай сыйлык үчүн ат салышты. Фестивалдын алкагында «Эң мыкты шырдак», «Мурас-шырдак» таймашы, «Кыргыз шырдагынын» тарыхына арналган илимий-практикалык конференция, улуттук тамак-аш жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өттү.

«Фестивалдын максаты маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин үзгүлтүксүздүгүн жандандыруу, кол өнөрчүлүк жана маданий мурастардын негизинде индустрияны өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанды экологиялык таза, маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу болуп саналат», — деп билдиришти басма-сөз кызматтан.

Шырдак

Шырдак — бул кийизден жасалган кыргыздын улуттук килеми. Жаныбарларды, боз үйдү, табият сулуулугун чагылдырган ар бир оюунун философиялык мааниси бар. Бир кездерде ар бир кыргыздын үйүндө шырдак төшөлүп турчу.

Акыркы жылдары бул салт кайрадан жанданганы байкалууда. Жыл сайын Нарын аймагында шырдак фестивалы уюштурулуп, ар тараптан келген меймандар катышууда.

Шырдактын орточо өлчөмү — узуну төрт, туурасы үч метр. Бир шырдакты жасаш үчүн беш-алты койдун жүнү керектелет. Даярдоо процесси — узак жана түйшүктүү.

Шырдак жасоо бир жыл аралыгында ишке ашат: жазында койлор кыркылат, андан соң кыркылган жүндү жууп, кургатып, андан соң сабалат. Сабалган жүндөн кийиз жасап кийиз жасалат. Кийиз жасоо өзүнчө татаал процесс — жүндү чийге салып, самын жана кайнак суунун жардамы менен ийлешет. даяр болгон эки кийизди бири-бирине беттеп, оюу түшүрүлүп, курч бычак же кайчы менен тегиз кыркылат. Ар башка түстөгү оюлган кийиз бириктирилген соң, атайын ыкма менен тигип, андан соң шырдак майда шырылат. Кыргыздын көз жоосун алган шырдагы ушундай мээнет менен жасалат.

2012-жылы кыргыз шырдагы ЮНЕСКОнун адамзаттык материалдык эмес баалуулуктар тизмесине киргизилген.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.