Депутаттар Кыргызстанга 500 миң доллар инвестиция салгандарга жарандык берүүнү сунушташты

Жогорку Кеңештин депутаттары «Инвестициялар үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» мыйзам долбоорун даярдады. Долбоордун демилгечиси Элмурза Сатыбалдиев, Дастан Бекешев жана Бактыбек Сыдыков.

Алардын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты — инвестиция тартуу жана Кыргызстандын инвестициялык климатын жакшыртуу. Жарандык алуу үчүн чет элдик сөзсүз Кыргызстанда жашап, мамлекеттик же расмий тилди билүү шарт эмес. Бирок ал өлкөнүн экономикасына инвестиция салышы керек.

«Инвесторлор Кыргызстанга тоскоолдуксуз келе алат, банктарда акчалай жана финансылык операцияларды өткөрө алат. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы келечекте инвестициялык аянтчаны өнүктүрүү үчүн шарт түзүшү мүмкүн, анын натыйжасында ИДП, УДП көбөйөт жана жаңы жумуш орундары түзүлөт», — деп билдиришти депутаттар.

Мыйзамдын долбооруна ылайык, инвестициялык салымдар 500 миң доллар өлчөмүнөн кем болбошу керек. Алар төмөнкүдөй түрдө болушу мүмкүн:

  • беш жылдан кем эмес мөөнөттө Кыргызстанда банктык мекемелериндеги эсептердеги мөөнөттүү салымдар;
  • коммерциялык уюмдардын мүлкүндөгү акцияларды, үлүштөрдү менчикке сатып алуу;
  • маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана программалык камсыздоо чөйрөсүндөгү бизнес-долбоорлорго, алдыңкы техникаларды жана IT-индустриясынын технологияларын иштеп чыгууларына салымдар;
  • республиканын айрым аймактарын өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыккан жана ишке ашырылуучу атайын инвестициялык программаларга салуулар.

Долбоордо инвестициялардын мөөнөтү 5 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинде жарандык алган чет өлкөлүк жаран Кыргызстанда алынган жарандык укуктардын объекттерин ээликтен ажыратып алууга укугу жок деп айтылат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, инвестициялык жарандык тажрыйбасы Орусия, Австрия, Болгария жана Түркияда колдонулуп жүрөт.