Акылбек Жапаров айрым журналисттерди «Дасмияга» чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айрым журналисттерди жана блогерлерди борбор калаадагы «Дасмия» ресторанына чогултуп, бейформал жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга тандалган гана ЖМКнын өкүлдөрү жана блогерлер чакырылган сыяктуу — 24.kg, Kaktus.media жана «Клооп» сыяктуу көз карандысыз медиалар барган жок.

Бирок «Клооптун» журналисттери жеке булактар берген маалыматтын негизинде аталган иш-чарага катышып келдишти.

«Клооптун» кабарчылары «Дасмияга» келген кезде кире бериште күзөтчүлөр, ал эми ресторандын айланасында милиция кызматкерлери жүрдү.

«Клооптун» журналисттерине бир нече жолу мамлекеттик күзөт кызматынын, андан кийин минкабдын басма сөз кызматынын кызматкерлери келип, акыры ресторандын ичине кирүүгө чакырышты.

Эмне үчүн жолугушууга бардык ЖМКлар чакырылган эмес?

Минкабдын басма сөз кызматы «Клоопко» журналисттерди тандап чакырууну калган ЖМКды башка күнү, кийинчерээк өтө отурган жолугушууга чакыралы дегенбиз деп түшүндүрүштү. Бул бейформал жолугушуу Акылбек Жапаров менен интервью уюштурууну өтүнгөн журналисттердин суранычына жооп катары уюштурулган.

«Журналисттер жана блогерлер менен чай үстүндө жолугушуу бир нече бөлүккө бөлүнгөн. Жакын арада башка ЖМК өкүлдөрү менен да жолугабыз», — деп түшүндүрдү минкабдын басма сөз кызматы.

Эмне үчүн журналисттер «Дасмия» ресторанына чакырылды деген суроого минкабдын басма сөз кызматынан Бишкекте дароо бардык журналисттер бата турган башка ылайыктуу аянт жок экенин айтып жооп беришти.

Ресторандын ичине киргенден кийин «Клооптун» журналисттери Акылбек Жапаров алгач медиа өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөп, андан соң айрым суроолорго жооп бере турганын угушту. Ушундан кийин гана чакырылган коноктор банкетке барышмак.

Минкаб бул иш-чараны уюштурууга бюджеттен каражат кетпегенин айтканы менен, каржылоо кайсыл булактан болгонун ачыктаган жок.

Жолугушуу болоору акыркы мүнөткө чейин ачык айтылбаганы менен, Жапаров чакырган журналисттер дароо эле ресторанда тартылган сүрөттөрдү соцтармакка жүктөй башташты.

Иш-чарага коррупционер Райымбек Матраимов менен байланышы аркылуу таанылган Элнура Алканова дагы келди.

Журналист Наргиза Токоеванын эмне себептен расмий эмес жолугушууга Элнура Алканова чакырылды деген суроосу Эдил Байсаловду оңтойсуз абалда калтырды. Ал Алканова дагы чакырылганынан кабары жок экенин айтты.

— А билсеңиз чакырбайт белеңиз? — деп сурады ал.

— Ойлонуп көрмөкмүн, — деп айтты Байсалов, андан соң Алканова келгенинен, адамдар бул жерге «өздөрүнүн журналисттерин» гана чакырды деп ойлоп калышы мүмкүн деген оюн араң түшүндүрдү.

Жолугушуу тууралуу маалымат соцтармактарга жана ЖМКга тарагандан кийин гана, минкабдын Фейсбуктагы барагында иш-чаранын расмий бөлүгү түз эфиргде көрсөтүлдү.

Бул түз эфирде Жапаровдун сөзүнүн башталышы жок болчу.

Жапаров эмне деди?

«Дасмияга» келгенден кийин Жапаров дароо сөз алып, азыркы бийлик блогер жана журналисттерге муктаж экенин айтты.

«Биз силерге, силердин объективдүү позицияңарга муктажбыз. Бул көңүл жубаткан, куру сөз эмес. Өз ара түшүнүшүү, бири-бирибизди сыйлоо жана пикир алмашуу — бул бийлик менен ЖМКнын ортосундагы үч негизги түркүк», — деди Жапаров.

Ошондой эле ал «пайдалуу» жана «пайдасы жок» блогерлер тууралуу сүйлөдү, бирок өкмөт башчы ким тууралуу сөз кылганы белгисиз.

«Биз жакшы-жаман деп бөлбөйбүз. Бирок силердин араңарда өнүгүүгө өбөлгө боло тургандар бар. Абдан пайдалуулар бар, ошондой эле, өнүктүрүүчүлүк көз караштан алып караганда, анча пайдасы жоктору бар. Менин оюмча, эгер биз баарыбыз мамлекетибиздин өнүгүшүнө пайдалуу же пайдасыз деген көз караштан алып карасак, анда силер айтан сын, биздин ал сынга карата реакциябыз өлкөнү алдыга сүрөй турган күчкө айланмак. Биз бир пикирге келе алабыз деп ойлойм», — деп билдирди Жапаров.

Андан кийин Жапаров министрлер кабинетинин жетишкендиктери тууралуу айтып берди — журналисттерге чоң экрандан графика, сандар менен коштолгон түрдүү слайддар көрсөтүлдү, бирок алыстан көргөндөр экранда эмне жазылганын түшүнбөй деле калышы мүмкүн.

Слайддар антикризистик план, бюджеттен кошумча чыгашалар, мамлекеттик «Айыл банк» банкын мактоого арналды. Жапаров мамлекеттик банктардын уставдык капиталын 100 млн долларга, «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин уставдын капиталын дагы 100 млн долларга чейин көбөйтүүнү убадалады. Кызыгы, минкабдын төрагасы демилгенин ашке ашырылуучу мөөнөтүн айткан жок.

Жапаров мектептер тууралуу дагы үн катты — бийлик авариялык абалда деп аныкталган бардык мектептерди оңдөп түзөө үчүн 1 млрд доллар салуучу инвестор издеп жатканын белгиледи. Анын айтымында, быйыл 120дан ашык мектеп оңдоло баштады. «Биз эски мектептерди оңдобой, жаңы мектептерди курушубуз керек — жылына 24төн», — деди ал.

Айрым журналисттер көрсөтүлгөн слайддардын бир бөлүгү буга чейин парламенттин жыйынында тааныштырылганын белгилешти.

Слайддар

Жапаров сөзүн «суук кабарлар» туризмге зыянын тийгизерин айтып жыйынтыктады. Ал өспүрүм кызды милиция кызматкерлери зордуктаганы тууралуу жаңылыкты мисал келтирди — бул окуянын чоо-жайы коомчулукту толкуткан болчу.

Жапаров орус тилдүү сайттарды Казакстандан жана Орусиядан келе турчу туристтер окуй турганын, алар «суук кабарлардан» улам башка өлкөлөргө кетип жатканын баса белгиледи.

Бул сөздөрдөн кийин экранда Кыргызстандын желеги пайда болуп, «Ар бирибиздин жүрөгүбүздө Кыргызстан» деген жазуу чыкты.

Минкабдын төрагасы журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берип, андан соң жыйындан чыгып кетти. Чакырылган журналист жана блогерлер банкетке барышты, ал эми биздин кабарчылар ресторандан чыгып кетишти.