Сүрөт: Дмитрий Мотинов / ЛИВЕНЬ.living.asia

Бала кезден эле «Дүйнөдөгү эң таза суу — Кыргызстанда» деген сөздү угуп келебиз. Бирок иш жүзүндө, өлкөнүн 300гө жакын айылдарында таза суу такыр жок, дагы 600 айылда суу түтүктөрү тез арада оңдоп-түзөөгө муктаж. Эл аралык уюмдар таза суу менен камсыз кылуу багытындагы программаларга көп акча бөлөт: 2026-жылга чейин дээрлик жарым миллиард доллар бөлүнгөн. Бирок соңку эки жылда, болгону 123 айыл таза суу менен камсыз болгон.

Мунун баары кургак статистика. Бирок биз окурмандарыбыз таза суусуз кантип жашап жатканын билгибиз келет.

Эмне үчүн суу менен камсыздоо программасы натыйжалуу иштебейт? Ар бир үйдө суу чыгаруу үчүн эмне кылуу керек?

«Клооп» Кыргызстанды таза суу менен камсыздоо программасына мониторинг жүргүзүү боюнча чоң долбоор баштады. Долбоордун алгачкы кадамы — калк арасында сурамжылоо жүргүзүү. Өлкөнүн булуң-бурчунда таза суу маселеси кандай абалда экенин аныктоого жардам бериңиз. Өз окуяңыз менен бөлүшүңүз — чогуу териштирип, чечүүгө аракет кылабыз. Эгер сиз жашаган айылда суу түтүктөрү оңдоодон өткөн болсо, ал кандай иштеп жатканын айтып бериңиз — мындай окуялар бизге өзгөчө кызык.

Сиздин жеке маалыматтарыңыз сыр бойдон калат деп сөз беребиз. Сизден кат түрүндө макулдук алгандан кийин гана аты-жөнүңүз, жашаган дарегиңизди көрсөтүү менен жарыялайбыз.

Сурамжылоону гугл формадан же биздин системадан толтурсаңыз болот. Гугл формага өтүү үчүн шилтемени басыңыз.

Биздин системага өтүү үчүн шилтемени басыңыз. Биздин системадан сурамжылоону өтүү үчүн кызгылт сары түстөгү «присоединиться» баскычын басыңыз.