Ош ШИИБнин алдында 8-июль күнү «Зордук-зомбулукка каршы» тынчтык митинги өттү. Нааразычылык акциясына Ош шаарынын тургундары жана активисттерден турган 20дан ашуун адам катышты.

Чогулгандар 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандарга, анын ичинде милиция кызматкерлерине катаал чара көрүп, ИИМден ушул сыяктуу окуяларды алдын алууну талап кылышты.

Ош шаарында өткөн «Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы» тынчтык митингинен сүрөт баян сунуштайбыз.

Сүрөттөрдүн автору: Тойчубек Боронбаев/Kloop