Ысык-Көл облусундагы Жууку ашуусунда мөңгү көчтү. Окуяны ошол аймакта жүргөн Гарри Шиммин атту турист видеого тартып алып, интернетке жарыялады.
Ал туристтердин тобу аман калган айтып берди. Анын айтымында, туристтер мөңгү көчүп түшкөн жерден беш мүнөт мурда өтүп кетишкен.
Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы аталган аймакта адистер иштеп жатканын кабарлады.
Эколог эмне дейт?
Эколог Влад Ушаков «Клооптун» журналистине курган маегинде, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу маселе көптөн бери эле бар экенин айтат. Анын айтымында, бул маселе айрыкча республиканын түштүк бөлүгүндө курч, ал жакта «мөңгүлөр жок болуп баратат».
Ушаков бул климаттын өзгөрүүсү менен эле эмес, дүйнөдөгү глобалдык экология көйгөйлөрү менен да байланыштуу деп эсептейт.
«Аталган мөңгү биздин айыбыздан эле бузулду деп айтууга болбойт. Бул глобалдык маселе. Бирок бизде мөңгүлөр ээрип жатканы тууралуу көп айтылганы менен маселени [мөңгүлөрдүн эриши] алдын алуунун иш жүзүндөгү реалдуу программалары жок», — деди ал.
Ушаков божомолдорго таянып, Кыргызстанда мөңгүлөр 200 жылдын ичинде жок болушу мүмкүндүгүн кошумчалады. Бул болсо, анын айтымында, аймакты жашоо үчүн жараксыз абалга кептейт.
Эколог өлкө аймагындагы мөңгүлөрдү сактап калыш үчүн массалык түрдө токойлорду тигип, суу сактагычтарды жана плотиналарды куруу керектигин дагы кошумчалады.
Садыр Жапаров мөңгүлөрдүн эриши тууралуу эмне деген?
Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 2-ноябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Шотландияда өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын 26-конференциясында сөз сүйлөгөн.
Президент өз сөзүндө мөңгүлөрдү «экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу» керек деп айткан.
«Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай прецеденттер бар, ошондуктан мен дүйнөлүк коомчулукту мындай бизнес практикасына биргелешип каршы турууга чакырам», — деп белгилеген Жапаров.
Жапаров айыл чарба, энергетика жана башка тармактардагы ыңгайлаштыруу программалары тууралуу дагы айткан.
«Биздин өлкөнүн токсон төрт пайызы тоолор экенин эске алсак, алдыдагы иштердин масштабы эбегейсиз. Аларды ишке ашыруу дээрлик үч миллиард АКШ долларын талап кылат», — деген өлкө башчы.
Жапаров климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасири сыяктуу көгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстанга тышкы жардам керектигин баса белгилеген. Ал Кыргызстанга окшогон өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр көп экенин кошумчалаган.
Мындан улам Жапаров мөңгүлөрдү, токойлорду жана биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого, табигый кырсыктарга даярдыкты жакшыртууга, тоолуу жамааттарга, айрыкча аялдарга жана балдарга социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө басым жасоо менен, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун калкасында атайын фонд түзүүнү сунуштаган.
«Узак жана кооз сүйлөгөндөрдүн доору өттү, максаттуу, ырааттуу жана натыйжалуу аракет кылууга убакыт келди», — деген ал.
2022-жылдын июнь айында Швейцария Кыргызстанга айыл жергесинде жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 2,2 млн доллар берери белгилүү болгон.