Сүрөт: USAID.

Республикалык штаб 11-июлда өткөн суткада COVID-19’дун 14 жаңы учуру катталганын билдирди. Илдетке чалдыккандардын баары Бишкекте аныкталган.

Штабдын маалыматына ылайык, 14 учурдун бири (БАЭден келген). Ошондой эле илдетке кабылгандардын төртөөсүндө COVID-19’дун белгилери байкалган эмес.

«Илдетти жуктургандын экөө гана эки жолудан вакцина алышкан. 13 адам амбулатордук дарыланууда, бирөө ооруканага жаткырылды», — деп билдиришти штабдан.

COVID-19 жуктуруунун саны өсүп жатабы?

Республикалык штаб илдетти жуктургандар көбөйүп жатканын айтууда.

«11-июлга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада. Бирок акыркы жумада эффективдүү репродуктивдүү сан (жугуштуу оорунун жугуштуулугун мүнөздөгөн параметр) 1ден жогору, бул оорунун көбөйө баштаганын көрсөтүп турат», — деп билдиришти штабдан.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19’дун 201 215 учуру катталган. Каза тапкандар 1,5%ды (3018ди) түзгөн.

Кыргызстан коронавирустун жаңы толкунуна даяр

Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19’дун кезектеги толкунуна даяр экенин 5-июлда эле билдирген.

«Коронавирус инфекциясынын кезектеги толкуну болсо, орундар жетиштүү. Дары-дармек жетет. Дарыгерлердин тажрыйбасы бар, алардын баары COVID-19ду дарылоонун клиникалык протоколу боюнча окутуудан өтүшкөн», — деп белгиледи Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын начальниги Нурида Жусупбекова.

7-июлда минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетектеген Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйыны өткөн. Анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү учурда өлкөдө кандайдыр-бир чектөө киргизүүнүн зарылчылыгы жоктугун белгилешкен. Ошол эле кезде минкаб өлкөдө 2020-жылдын март айында киргизилген коронавирустук инфекция боюнча өзгөчө кырдаал режимин калтыруу чечимин кабыл алган.

Анткен менен Байсалов Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамаларына байланыштуу, «жыл сайын дүйнө жүзү боюнча бир нече толкун менен жайыла турган COVID-19 менен жашоону үйрөнүү зарыл» деген.

Мындан тышкары, бийлик кыргызстандыктарды кайрадан COVID-19’га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Биринчи дозасын алгандардан бустердик дозасын алууну өтүнөт.

«Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөтүп тургандай, учурда COVID-19ду негизинен эмделбегендер жуктурууда», — деп белгилешет штабдан.

Эмдөө пункту. Сүрөт: «Кабар» КММА.

COVID-19 боюнча дүйнөдөгү абал

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) COVID-19 менен ооругандардын саны көбөйүп жатканы дүйнө жүзүндө байкалып жатканын айтууда. ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус 6-июлдагы брифингде дүйнөдө соңку эки аптада коронавирус илдетин жуктургандардын саны 30%га өскөнүн билдирген.

Ал COVID-19 учурлары тестирлөө азайган шартта көбөйүп жатат деп белгилеген.

«Бул вирустун эволюциясынын чыныгы көрсөткүчүн жашырып жатат», — деп кошумчалаган ал.

Буга чейин ЖМК Казакстан менен Өзбекстанда дагы COVID-19 илдетин жуктургандардын саны көбөйүп жатканын жазган. Коронавирустун жайылышанан улам 4-июлда Алматы «сары» зонага өткөнү белгилүү болгон, ал эми Казакстандын башка аймактары — «жашыл» зонада турат.

«Сары» зонага кирген аймактарга бир катар чектөөлөр киргизилип жатат: бейтаптар менен байланышта болгон жакындары, ошондой эле эмдөөгө каршы көрсөтмөсү бар кызматкерлер жана кош бойлуу аялдар аралыктан иштөөгө өтүүдө; жабык жайларда жана коомдук транспортто беткап тагынып жүрүү милдеттендирилип, ондон ашык адам катышкан чогулуштар онлайн форматка өткөрүлүүдө.

Казакстандын Vlast.kz басылмасы Алматыда 23 клиника COVID-19’дун жаңы толкунуна жети миң койка орун даярдалганын жазат. 10-июлга карата Казакстанда COVID-19’дун 454 жаңы учуру аныкталган — анын 200ү Алматыда, 118и Нур-Султанда катталган

Ал эми Ташкетте ковид клиникалары 25-июндан тартып кайрадан иштей баштаган. Андан бир күн мурда өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Баходир Юсупалиев өлкөгө коронавирустун өтө жугуштуу штаммы, «стелс-омикрон» келгенин билдирген.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, 10 июлда өлкөдө COVID-19дун 83 жаңы учуру катталган.

COVID-19дун белгилери

В Республиканском штабе напоминают, что COVID-19 воздействует на различные группы людей в разной степени. У большинства она протекает в легкой или средней форме тяжести, и им не требуется госпитализация.

COVID-19дун көп байкалган белгилери:

  • дене табынын көтөрүлүшү;
  • жөтөл;
  • чаалыгуу;
  • жыт жана даам билүү сезимдеринин жоголушу.

Ооруну жугузгандардын айрымдарында төмөнкүлөр да байкалышы мүмкүн:

  • тамак оору;
  • баш оору;
  • түрдүү оорулар;
  • диарея;
  • колдун же буттун терисинин түсүнүн өзгөрүшү же майда жараттардын чыгуусу;
  • көздүн кызарышы.

Оорунун оор түрүнүн белгилери:

  • дем алуунун оорлошу же демдин кысылуусу;
  • сүйлөө же кыймыл-аракет функцияларынын бузулушу же аң-сезимдеги өзгөрүүлөр;
  • көкүрөктүн оорусу.

Штабдагылар жогоруда аталган симптомдор байкалып жаткан кыргызстандыктарды поликлиника же ооруканага барып врачка кайрылууну суранды.