Каржы министри Кыргызстан насыяларды тек гана өнүктүрүүгө алып жатканын билдирди

Каржы министри Алмаз Бакетаев Economist.kg финансылык басылмасына кеңири маек курду. Анда учурда көп талкууланган темалардын бири болуп аткан тышкы карыз маселесине да токтолду.

Анын айтымында, азыр мамлекет өз керектөөлөрүн өзү камсыздай алат жана «тышкы карыздарды тек гана өнүктүрүү үчүн алууга өттү».

«Бүгүнкү күнү маморгандарга маяна, жөлөкпул, пенсияларды биз өзүбүздүн туруктуу ички булактардан, салык жана салыктык эмес түшүүлөрдүн эсебинен төлөп жатабыз. Өнүгүүгө деде жетип атат, бирок ири курулуштарга каражат жетпейт, ошондуктан сырттан карыз алууга туура келип жатат», — деди министр.

Ошол эле кезде министр карыз алынып жаткан долбоорлордун көпчүлүгү «кайтарымдуу» экенин белгиледи. Алсак, министр эки тармак боюнча мисал келтирди — энергетикалык жана инфраструктуралык — тышкы карыздардын 60%га чукулун ушул эки тармак ээлейт.

«Мисалга, энергетика тармагын биз каражат менен кайтарымдуу негизде камсыздайбыз. Жол тармагынан түз каражат түшүүлөр болот деп күтпөйбүз, бирок кыйыр түрдө күтөбүз, тагыраак айтканда, жол тармагын өнүктүрүүдө аймактар, жолго жакын инфраструктуралар өнүгөт, жүк агымы, салык түшүүлөрү көбөйөт — мультипликаттык эффект иштейт», — деп белгиледи ал.

Каржы министрлигин 2020-жылдын 30-апрелине карата маалыматына ылайык, мамлекеттик карыз 5 млрд 92 млн долларды түзөт. Анын ичинен 901 млн доллар ички, ал эми 4 млрд 191 млн доллар тышкы карызды түзөт.