Ошто ажатканага түшүп кеткен эки жашар наристе куткарылды

Ош шаарынын Учар айылында ажатканага түшүп кеткен 2 жаштагы бала куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 11-июль күнү саат 13:18де Учар айылынын Лесная көчөсүндө катталган.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар тартылып, альпинисттик шаймандардын жардамы менен баланы сыртка алып чыгышкан.

Учурда наристенин абалы жакшы экени айтылды.