Эми мектеп директорлору сынак аркылуу беш жылга дайындалат

Мындан ары мектеп директорлору конкурс аркылуу тандалып, беш жылдык мөөнөткө шайланат. «Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндөгү» жарлыкка 12-июлда президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы бул жарлык кесипкөй жетекчилердин кадрдык курамын түзүү жана билим берүү чөйрөсүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынганын белгиледи.

Бишкекетеги мектептердин бири. 2022-жылдын 5-марты. Сүрөт: Гүлжан Турдубаева.

Жарлыкка ылайык, жетекчилерди тандоо үчүн конкурсту билим берүү министрлигине караштуу «Улуттук билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» уюштурат.

Мектепте беш жылдан ашык иштеген директорлор жарлык күчүнө киргенден тартып иштен бошотулат. Алар кайрадан жетекчи болуп дайындалуу үчүн башка талапкерлер менен бирге конкурска катышса болот.

Президент Билим берүү жана илим министрлигине мектеп жетекчилерин конкурстук негизде тандап алуу үчүн тесттик инструменттерди жана мектеп директорлоруна коюлуучу квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырмасын берди.

Аны менен катар министрликке жетекчилик кызмат орду бош турган жана жетекчилери беш жылдан ашык иштеген мектептерде конкурс өткөрүү талабы коюлду.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков «Клоопко» өлкө боюнча 966 мектепте директорлук кызмат ордуна сынак өткөрүлөрүн белгиледи.

Ал эми облус башчылары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары конкурстук тандоо өткөрүүдө Билим берүү жана илим министрлигине ар тараптан көмөк көрсөтөрү айтылды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин үч депутаты Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизип, мугалимди кемсинткен окуучунун өзүнө жана алардын ата-энелерине айып пул салууну сунушташкан. Бул мыйзам долбоорду парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин 30-майдагы жыйынында биринчи окууда жакытырылып, кабыл алынган.

Демилгечилер документ «педагогикалык кызматкерлерге карата мазактоо, жаман сөз айтуу, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана адепсиз жаңсоолорду, нерселерди көрсөтүү түрүндөгү мамиле үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында» иштелип чыкканын белгилешкен.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде окуучулар жана алардын ата-энелери тарабынан «педагогикалык кызматкерлерди мазактоо, атүгүл кол салуу окуяларынын көбөйүшү билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүнө гана эмес, кепилденген педагогикалык кызматкерлердин коомдогу өзгөчө укуктук статусунун ылдыйлашына алып келет» деп айтылган.

Тема боюнча:

Парламентте мугалимди «сыйлабаган» окуучуларга жана ата-энелерге айып салуу сунушталды