Талас: Дарыгер кызга үйлөнгөн тургунга 50 миң сом сүйүнчү пул берилди

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Талас облусунун тургунуна аймактык дарыгер кызга үйлөнгөнү үчүн 50 миң сом сүйүнчү пулун тапшырды. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров билдирди.

Аймактык бийлик мындай аракети менен облуста дарыгерлердин жетишсиздиги маселесин чечүнү көздөгөн. Садыровдун айтымында, облуска жалпы 136 медициналык кызматкер жетпейт.

«Аймактарда эч ким иштегиси келбейт, баары борборго кеткиси келет. Буга чейин биз адамдарды турак жай менен камсыздап кызыктырууга аракет кылганбыз. Бирок ошондо да дарыгерлер аймакта иштөөгө келбей жатат. Ошондуктан жетекчилик дарыгерлерди акчалай сыйлык берүү менен биздин облуска келип иштөөсүнө шык берүүнү чечти», — деди ал.

Садыров акчалай сыйлыкты эмне үчүн тек гана эркектерге берүү чечими кабыл алынганын дагы түшүндүрдү.

«Адатта кыздар турмуш кургандан кийин жолдошунун үйүнө көчүп барат эмеспи. Демек, мындайда биздин регионго дарыгер аялдар келмек. Эркек киши аялы жашап жаткан аймакка көчүп барган учурлар өтө сейрек кездешет. Эгер ушундай болуп калса, таластык кызга үйлөнгөн жаран биздин аймакка көчүп келген болсо, анда аларга да жардам көрсөтүлөт», — деп түшүндүрдү ал.

Садыровдун айтымында, азырынча мындай сүйүнчү пул Талас облусунда гана берилип жатат.