«Качан кудай жараткан өң-келбетке асылууну токтотобуз?!». Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова соцтүйүндөгү барагы аркылуу дал ушундай суроо салды.
Буга ырчы «Алма бак» аттуу ырына тартылган клиптен үзүндү жарыялагандан кийин «курсагың чыгып кетиптир» деген таризде жазылган комментарийлер түрткү берген.
Бодишейминг деген эмне жана эмне үчүн адамдын тышкы келбетине асылуу жаман адат экенин түшүндүрөбүз.
Эмне болду?
Гүлзада Рыскулова 28-июнь күнү Инстаграм барагына «Алма бак» аттуу ырына тартылган клиптен үзүндү жарыялаган. Көп өтпөй «Семирип кетиптир», «Ичин тартыш керек», «Мурдагы образы жакшы болчу» деген комментарийлер жазылган. Нааразы болгон ырчы атайын пост аркылуу жооп берди.
«Бул курсагым 4 баланы көтөргөн, жарык дүйнөгө алып келген кадырлуу курсак. Аны барктаганга жана кандай болсо ошондой кабыл алууга татыктуу», — деп жазды ал.
Аны менен катар ырчы адамдын сырткы келбетине сын айткандарды маданияттуу болууга чакырды.
Бодишейминг деген эмне?
Адатта башка бир адамдын сырткы келбетине байланышкан терс маанайдагы комментарийлер бодишейминг деп аталат. Бул көрүнүш кыргыз коомунда дагы кеңири тараган, жогорудагы ырчы Гүлзада Рыскуловага жазылган комментарийлер буга далил.
Кимдир бирөөнү коомдогу калыптанган стереотиптерге дал келбегени үчүн ачык сындоо же уяткаруу азыркы коомдо шейминг деп аталат. Шеймингтин түрлөрү аябай көп. Мисалы бодишеймингге төмөнкүлөр кирет:
Фэтшейминг — англис тилиндеги fat — май деген сөздөн, ашыкча салмактагы адамдарды уяткаруу.
Скиннишейминг — англис тилиндеги skinny — арык деген сөздөн келип чыккан. Коомдогу стереотиптүү түшүнүктөрдөн улам арыкчырай адамдарды уяткаруу, сындоо.
Биз кеп кыла турчу бодишеймингде адамдардын узун боюн же кыскалыгын, көкүрөгү же жыныс органынын ѳлчѳмүн, чачынын түсүн, кулагынын же мурдунун чоңдугун, айтор ушул сыяктуу сырткы келбетинин өзгөчөлүктөрүн айтып шылдыӊдашат.
Адамдардын баары эле көпчүлүктүн башына сиңип калган талаптарга шайкеш келбейт, демек бодишейминг кѳп учурда дискриминацияны пайда кылат. Психолог Мария Самсонованын айтымында, бул көйгөй биз ойлогондон алда канча терең.
«Бодишейминг — коомдогу өзгөргөн баалуулуктардын күзгүсү. Адамдын денеси сүйүүгө, алкоого жетүүнүн шайманына айланды. Көпчүлүк өзүнүн тулку-боюн сулуулук стандарттарына жеткирүүдө ден соолукту эмес, коомдун көз карашын артыкчылыктуу негиз кылып алды. Бул заманбап тенденциялардын артында олуттуу коркунуч турат», — деп эсептейт ал.
Аны менен катар, психолог жашоодо көрбөгөн, билбеген кишилерге карата терс пикир жазгандар көп экенин, алар жазгандары үчүн жазаланбашын да жакшы билгендиктен чектен ашып жатканын белгилейт.
«Соцтармактар адамдарга кимдир бирөөнү сындап, мазактап, сөгүп, ал тургай шакабанын объектисине айлантууга шарт түздү. Аккаунттун артында тирүү, сезимтал адам бар экени унутта калды. Мындай чабуулдан кийин адамда депрессия, тамактануу жүрүм-турумунун бузулушу, анорексия, булимия пайда болуп, ал тургай өз жанын кыюу тууралуу ой басат», — деп эскертет ал.
Эл арасында толмоч адамдарга карата терс пикир көп айтылат. Бирок куудул, ырчы Жакут Сыдыков анын дарегине арыктыгына байланыштуу терс комментарийлер байма-бай жазыларын айтып берди.
«Мен шаарга жаңы келгенде башым эле чоңоюп, тулку-боюм арык бойдон калды. Соцтармактарда ансайын арыктыгыма асылгандар көп. Жакында эле өзбекстандык куудулдар менен футбол ойногон сүрөттөрдү жүктөсөм “бутуң чийдей”, “ийне жеген иттей” деп жазышты. Маанай жок кезде мен деле капа болом мындайда», — дейт куудул.
Аны менен катар, Сыдыков арыкчырай деген сыпаттоо ага жагымсыз экенин айтып, кыргыз коомчулугу сын-келбетке асылуудан арылса деген тилегин жашырган жок.
Бодишеймингдин кесепеттери кандай болушу мүмкүн?
Психологдор бодишейминг коркунучу негативдүү комментарийден алда канча тереңдеп кетти деп эсептешет. Айрымдар башка бирөөнүн пикири жок жерде деле, өзүнүн сырткы келбетине канааттанбай, кынтык издей берет. Мындайда сырттан келген пикир ансайын отко май тамызгандай болору бышык.
Клиникалык психолог Карен Петросяндын пикиринде, өспүрүм куракта бодишеймингге кабылып, кийин жашы өтсө деле ал көйгөйдөн арыла албай жүргөн адамдар болот.
«Бодишеймингге өспүрүм куракта кабылып, кийин ал өзүнүн денесинен кынтык издеген олуттуу, өнөкөт көйгөйгө айланат. Баарынан кызыгы, баягы сындаган тели-теңтуштары же тамаша сөз ыргыткан жакындары деле азыр жанында жок. Демек адам өзү ошол таңууланган стандарттарды өрчүтүп ийген. Алар сырттан келген сын-пикир ушунчалык мээге орноп калгандыктан, адам аны субьективдүү көз карашым деп ойлоп алат», — деп белгилейт Петросян.
Бодишеймингге кабылгандардын арасында өз дене-боюн кабыл албай, кинодон көргөн, идеал деп таңууланган кимдир бирөөгө окшошуу үчүн пластикалык операцияга барган учурлар кездешет.
Мисалы 2021-жылы Super TV каналына ырчы Нурлан Насипке окшошуу үчүн көзүнө сурма жасаткан жигиттин окуясы жарыяланган. Арго Кибраев аттуу улан 300-400 миң сомго көзүнө операция жасаткандан кийин «өзүн уверенный сезип калганын» айтып берген.
Бодишеймингге кабылганда эмне кылуу керек?
Адистер биринчи кезекте башка адамды өзгөрткөнгө караганда, болуп жаткан окуяларга карата жеке мамилени өзгөртүү оңой экенин эскертишет. Башкача айтканда, өзүн өзү сындаган, жемелеген адаттан арылууга чакырышат.
«Кимдир бирөөнүн кемчилигин чукуган — бул дайыма адамдын ички көйгөйү. Анткени өзү кабыл албаган же колунан келбеген нерсе үчүн гана бир адам экинчисин сындайт. Андан тышкары, соцтармакта ачуу сөз жазып ичиндеги негативин чыгаргандар бар», — дейт Мария Самсонова.
Психолог ар бир адам өзүн бодишеймингден оолак кармап, башкалардын сырткы келбетин сындаган же ушул темадагы сөздөргө аралашпай эле койгону оң деп кеңеш берет.
«Сурабаган учурда адамдарга эмне жарашат, эмне жарашпайт деген сыяктуу кеп-кеңеш берген туура эмес. Дүйнө көп түрдүү, анын керемети дагы ошол көп кырдуулугунда. Адамдар дагы ар түрдүү, жана бул кадыресе көрүнүш», — дейт ал.
Андыктан негативдүү чабуулга кабылганда эч тартынбай жакындардан, достордон моралдык колдоо суранып, анан албетте, психологдун кеп-кеңешин алуу маселени кыйла жеңилдетет.
Ар бир адам уникалдуу. Сулуулук стандарттары болсо мезгил агымына жараша өзгөрө берет. Анан калса, ал стандарттарды адамдар ойлоп тапкан. Стереотиптерден арылып, өзүңдү жана башкаларды кандай болсо ошол бойдон кабылдоо жашоону кыйла жеңилдетип, психикалык көйгөлөрдүн алдын алат.
Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.