АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстанды санкция салынган товарларды Орусия менен Беларустун аймагына өткөрүшү мүмкүн деген транзиттик өлкөлөрдүн тизмесине киргизди.

Тизмеге Кыргызстандан тышкары Грузия, Армения, Кытай, Индия, Мексика, Израиль, Сербия, ТАР, Тайвань, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикистан кирген.

«Бул өлкөлөргө көзөмөлгө алынууга жаткан товарлар чийки зат катары мыйзамдуу экспорттоло бериши мүмкүн, бирок аларды андан ары Орусия жана Беларуска экспорттого тыюу салынган. Айрыкча аскердик максатта колдонула турган техника тынчсыздантат», — деп айтылат АКШнын Каржы министрлигинин маалыматында.

Эми Орусия жана Беларуска ташылып жаткан товардын баары санкция салынып-салынбаганына дыкат текшерилет.

Санкциялар салынышы мүмкүн

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров АКШ мындай чечим чыгарары күтүлгөнүн, себеп дегенде Кыргызстан жана башка КМШ өлкөлөрү Орусия менен тыгыз мамиледе деп эсептейт.

«Мен мындан тан каларлык деле нерсе көрбөдүм. Бул логикалык жактан күтүлүп эле жаткан. Ал жерде КМШ өлкөлөрүнүн бардыгы бар. Алар Орусия менен тыгыз алакада болгондуктан тизмеге кирди. Эгерде биздин уюмдар санкция салынган товарларды Орусиянын аймагына өткөрүүгө жардам беришсе, анда алар дагы сакцияга кабылуу коркунучунда болот. Бул жерде ортомчуларга көбүрөөк көңүл брулат», — деди ал «Клооптун» кабарчысына.

Ал эми экономист Марат Мусуралиев АКШ тарабынан түзүлгөн тизмеге карабастан Борбор Азиянын аймагы аркылуу Орусияга товар жеткирүү аракети уланат деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай аракеттер Кыргызстанды батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылып калуу коркунучуна кептейт.

«Орусияда батыш өлкөлөрүнүн товарларына суроо талап бар, ал товарлар кандай болгон күнү да жеткириле берет. Орусиянын субъектилери санкцияга кабылган өлкөлөрдөн кайсы бир компаниясын сатып алып, ал аркылуу Орусияга товар ташышы мүмкүн же аны бизге [Кыргызстанга] жеткирилет деп багыттап, дароо Орусияга чыгарылып кетиши ыктымал. Ушундай тобокелчилик да бар. Эгер төлөмдөр банк аркылуу жүргүзүлсө, эртеби кечпи банктык көзөмөл анын да изине түшөт. Алар кыргыз банктарына субъекттер менен алаканы токтоткула, болбосо өлкөгө каршы санкция салынат деп эскертме беришет», — деди Мусуралиев «Клоопко».

«Бай Элим Компани» ЖЧКсынын башкы директору, JIA бизнес ассоциациясынын мүчөсү Рысгүл Акимжанова АКШнын мындай чечими Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы рейтингине терс таасирин тийгизет деп эсептейт. Анын пикиринде, Кыргызстанды бул тизмеге кошуу өлкөнүн экономикасына анчейин деле таасир этпейт, бирок саясий жактан «катуу тийиши мүмкүн». Анткен менен Акимжанова АКШ эмне үчүн буга аргасыз болгонун түшүндүрдү.

«Келечекте, эгер бул санкциялар иштей турган болсо, биз ага кабылабыз. Анткени, биринчиден, биз азыр да бажы биримдигине киребиз, экинчиден, биздин негизги товар жүгүртүүбүз Орусия жана Кытай менен жүргүзүлөт. Санкцияларга кабылбаш үчүн бажы биримдигинен чыгып, Орусия менен чек арабызды жаап, башка өлкөлөр менен товар жүгүртүп башташыбыз керек. Анан да биздин логистика Кытай жана Казакстан менен гана жолго салынгандыктан, азыркы учурда бизде тандоо да, андан чыгуунун жолу да жок», — деп айтты ал.

Акимжанова санкциялар Кыргызстанга кандай коркунуч туудурарын да түшүндүрүп берди.

«АКШ жана Европа өлкөлөрү мененки товар жүгүртүүбүз Орусияныкындай чоң эмес. Бирок алар каржылоо жактан таасир этиши мүмкүн. Бизге гранттар көп келет, мисалы, ошол эле USAID. Бүткүл дүйнөлүк банк көптөгөн гранттарды, насыяларды жана башка инвестицияларды бөлөт. Алар ошол каржылоону токтотуп, башка өлкөлөрдү биз менен кызматташуусун токтоткула деп суранышы мүмкүн. Биздин бактардагы свифттерди [эл аралык акча которуулар] жаап коюулары мүмкүн, бирок андай болуп кетет деген тобокелдикти көрө элекмин», — деп айтты Акимжанова.

Украинадагы согуш

Орус аскерлери Укрианага кол салган күндөн бери төрт айдан ашып калды. Орус бийлиги бул аракетин согуш деп атаган жок, Украинаны «демилитаризация» жана «денацификациялоо» максатында «атайын операция» деп атап жатат.

БУУнун 4-июлга карата маалыматына ылайык, Украинага кол салуунун натыйжасында 4 889 жай турган каза тапкан. Дагы 6 263 адам түрдүү жаракаттарды алган.

Мындан тышкары, уюмдун 13-июлга карата алынган маалыматына ылайык, Украинадан 5,8 млн жаран чыгып кеткен. Алар Евробиримдиктин Польша, Чехия жана Венгрия сыяктуу өлкөлөрүнө кетишкен.

Украинага кол салуудан кийин Европа биримдигине кирген өлкөлөр, АКШ жана Улуу Британия Орусияга карата экономикалык санкцияларды салган.

Ошол эле кезде кыргыз бийлиги Украинадагы согуш маселесинде орток позицияны карманарын бир канча жолу билдирген. Бирок акыркы убактарда кыргыз жана орус бийлиги жакындашууга аракет кылып жатышканы байкалууда.