«ПолитКлиника»: «Ала-Тоо 24» оппозициячыл саясатчыларды каралап, журналисттик этиканы бузган

9-июлда «Ала-Тоо 24» каналында «Туруктуулук — жеке кызыкчылыктан жогору болсун» деп аталган 3,5 мүнөттүк сюжет көрсөтүлгөн.

Анда оппозициячыл саясатчылар Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Сыймык Жапыкеев баштаган адамдардын тобу өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөп жатканы айтылган.

«ПолитКлиники» басылмасы мамлекеттик каналдын сюжетин анализдеп чыгып, «Ала-Тоо 24» кастык тили, манипуляция ыкмаларын колдонгон жана далилсиз, бир жактуу каралоо менен журналисттик этиканы бузган деген жыйынтыкка келди.

Материалдын түп нускасын «ПолитКлиниканын» сайтында жарык көргөн.

Сюжет эмне жөнүндө?

Сюжеттин скриншоту.

Сюжетти кабарчы «эл үчүн тынчтык жана биримдик керек. Ыгы келгенде дароо чогула калган ниети бузуктардан эл тажады» деп баштаган.

«Тилекке каршы, баягы эле жүздөр жагдайдан пайда табуу үчүн жаны калбай башаламандык уюштурууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу белгилеген серепчилер алардын катарында Равшан Жээнбеков, Сыймык Жапыкеев, Бектур Асанов башында турган топ бар экенин айтышууда», — деген ал.

«ПолитКлиниканын» журналисттери кабарчы жогорудагы сөзүндө эки жолу кастык тилин колдонгонун белгилешти. Алардын айтымында, сюжетте адамдардын белгилүү бир тобун дискриминациялоочу сөздөр колдонулган.

Сюжетте колдонулган манипуляциялык ыкма

Журналисттер сюжетте маалымат булагы катары серепчилер көрсөтүлгөнүн жазышты. Бирок алардын аты-жөнү айтылган эмес.

Бул манипуляциянын «анонимдүү авторитет» ыкмасы болуп саналат. Анда эксперттердин, окумуштуулардын билдирүүлөрү айтылат, бирок алардын аты-жөнү белгиленбейт.

Сюжетте кабарчы аты аталбаган эксперттерге шилтеме берип, төңкөрүш уюштургусу келгендер «жаштарды азгырып, ар кандай башаламандыктарды уюштуруп, өздөрү карап тура берерин» айткан.

Журналисттер бул жерде дагы манипуляциянын «анонимдүү авторитет» ыкмасы колдонулган деп эсептейт.

Журналисттин этикалык кодекси бузулган

Сюжетте аты аталган саясатчылардын башаламандык уюштуруу аракети тууралуу эч кандай далил же факты берилген эмес. Бул Журналисттердин этикалык кодексинин 8-беренесине* каршы келет.

*8-берене: Журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоого милдеттүү.

Материалда эксперт катары Ахунбай Кошоев аттуу юристтин пикири берилген. «ПолитКлиниканын» журналисттери анын пикиринде адамдын кадыр-баркына шек келтирүүчү, каралоочу сөздөр камтылган деп белгилешти.

«Ала-Тоо 24түн» кабарчысы башаламандык уюштургусу келгендердин «максаты — бийликке келип, өздөрүнүн көмөчүнө күл тартуу, баюу» экенин айткан.

«Чын ниеттери болсо, буга чейин эмнеге алгылыктуу иш жасай алышкан жок? деген суроо жаралууда»,— деген ал.

Сюжетти анализдеп чыккандар бул жерде Журналисттердин этикалык кодексинин 10-беренеси бузулганын жазды. Алардын айтымында, фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл эле.

Сюжеттин жүрүшүндө үч адамга сөз берилип, алардын экөө материалда сөз болуп жаткан адамдардын тобуна карата терс пикирлерин билдирген. Үчүнчү адам өлкөдөгү туруктуулук эмне үчүн маанилүү экени тууралуу оюн айткан. Бирок сюжетте сачсатчылардын биринин дагы комментарийи берилген эмес. Бул жерде Этикалык кодекстин 17-беренеси* бузулган.

*17-берене: Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлери тең салмакта берилиши шарт.